Путин Атамбаевди Александр Невский ордени менен сыйлады

556
0

Путин Атамбаевди Александр Невский ордени менен сыйлады

 Россия президенти Владимир Путин Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевди Александр Невский ордени менен сыйлады.

 Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев 60 жашка толушу менен о.э “Россия жана Кыргызстан ортосундагы кызматташтыкты өз ара ишенич жана стратегиялык кызматташтыктын өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы үчүн” ушундай сыйлыкка татыган. Путин орденди Атамбаев менен Бишкекте өткөргөн эки тараптуу сүйлөшүүлөр учурунда тапшырды.

 Путин орденди тапшырган соң, Александр Невскийдин тарыхтагы олутту ордун айтып өттү.

 “Биргелешкен тарыхыбыздын эң жаркын барактарын жүрөгүндө сактаган сиздей инсанга бул сыйлык куп жарашат”,- деди Путин.

Туркистон: Алла таала Бакара сүрөсүнүн 120-чы аятында “Жөөт жана насранийлер (христиандар) тээ сен алардын динине кирмейинче  эч качан сага ыраазы болушпайт. Айткын: “Алланын жолу гана Чыныгы жол”. Ант болсун, эгер сага келген чыныгы билимден кийин да алардын көңүлү каалаган нерселерге ээрчип кетсең, Алла тарабынан сага дос да, жардамчы да болбойт”. деди.

135-аятта. “Жөөт же насраний болгула, Туура жолдо болосуңар дешти”. деди.

 Бурадарлар, орденде крест белгиси бар экен. Бул сыяктуу насраний же башка кайрымусулмандын эътикаттык, хос маданияты жана хос кийим кечесине байланышы болгон буюмдарын, сыйынуу же башка сыйынуу атрибуттарын кабыл кылуу, таркатуу, тагуу жана кийип алуу, Ислам дининде мусулман  адам үчүн ширк амал болуп эсептелет.

Путин, Атамбаевге бул орденди тандап жатканда, анын бул белеги Исламга тескери экендигин билген. Ал Атамбаевди пас көрүп, аны каалаган жолуна сала алышына ишара кылды. Атамбаевди, өз жеринде, өз жарандары, өзгөчө мусулмандарга жана Ислам баалулуктарына каршы жүргүзө алышын көрсөтүп койду. Бул белек эмес! Балким, теңине албагандык жана эътикаттык жактан кемсинтүү болду!

  Атамбаев, саясий абалды терең түшүнө албайт. Путиндин бул кылган иши, бүткүл Кыргыз улуту жана мусулмандары үчүн, абдан копол кемсинтүү амалы болду десек туура болот. Анткени Атамбаевди канчалаган жарандар жаман көргөн күндө да анын жетекчи экендигин тан ала албайт. Аны мусулман экенин да инкар кыла албайт. Путин ушуну билип туруп, президентибиздин көкүрөгүнө бычак менен ургандай насранийлер белгисин илип койду.

Өзүн жана мамлекетин сыйлаган журт башчылар, тарыхта бул сыяктуу кемситүүлөр үчүн бири-бирине согуш ачууга чеин барышкан. Азыр, демократия идеологиясы бизди намыс жок, коркок мусулмандарга айландырып койду!

Эми Путин Атамбаевди, кудум насранийлердей, мусулмандар үстүнө зулум менен жүрүп барууга буюрат. Орден да ушуга далалат кылып жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here