Юнкер: Европа Союзу бирдиктүү армия түзүүсү керек
Европа Союзу комиссиясынын президенти Жан-Клод Юнкер Европа мамлекеттеринин коопсуздугу үчүн бирдиктүү коргоо армиясын түзүү зарылдыгын билдирди. Юнкер союз туурасында сүйлөгөн сөзүндө айтышынча, терроризмге каршы күрөш үчүн Европа Союзу мамлекеттери катышуусунда коргоо армиясын түзүү зарыл маселеге айланган.
2004-жылдан бери Европа Союзу аймагында 30 жолу террористтик чабуулдар болгонун айтып өткөн Юнкер Европа мамлекеттери өз ара коргоо фондун түзүп, Европа Союзун коргоо борборуна айландыруу керектигин белгилеп өттү.
Бирок сербиялык аскерий эксперт Александар Радич Жан-Клод Юнкердин талабы ишке ашышы күмөндүү деп карайт. Радичтин түшүндүрүшүнчө, Чыгыш Европадагы көп мамлекеттер Америка Кошмо Штаттары таасири астында болгондугу үчүн Вашингтон буга жол бербейт. Анткени АКШ Чыгыш Европада өзүнүн таасирин жоготууну каалабайт. Европа Союзу тарабынан түзүлгөн бирдиктүү армия Батыш цивилизациясынын коопсуздук архитектурасында түптөн өзгөрүүгө жол ачат. Мына ушуну эсепке алган АКШ буга эч жол бербейт.
“Европа талаптарын ишке ашырып келген НАТО Европа союзу армиясынын түзүлүүсүнө олуттуу тосуктарды коёт. Мындан тышкары союз армиясы саясий тараптан да союздун ролун жана максаттарын кайта карап чыгууга себеп болот”, дейт Радич.
Радич бул кызматташтык НАТО айланасында ага параллель түрдө союз катарында көрүлүшү мүмкүндүгүн баса белгилеген соң, бир нече жылдар мурун Германия жана Франция бул туурасында алгачык кадам таштагандыктарын эске салып өттү.