Путин: Сирия маселесинде АКШ менен максатыбыз бир

272
0

Путин: Сирия маселесинде АКШ менен максатыбыз бир

Сирияда терроризмге (Исламга) каршы күрөш туурасында Россиянын максаты АКШнын максаты менен бирдей. Бул туурасында Россия президенти Владимир Путин Бишкекте берген баянатында маалымдады.

Владимир Путин Кыргызстан борбору Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Сирияда жарыя кылынган тынччылыкка токтолду. Россия президентинин айтышынча, Сирияда тынччылыкка келишүү жана терроризмге (Исламга) каршы күрөш туурасында АКШ жана Россиянын максаты бир.

 “Сирияда терроризмге каршы күрөштө АКШ менен максатыбыз бир экенин, о.э тынччылыкка жетишүүдө да каалобуз бир кыл экендигин айта аламын. Ар кимдин муну түшүнүшүндө бизде да, америкалыктарда да эч күмөн жок”, деди Путин.

О.э, Россия башчысы Сирия президенти Башар Ассад менен айрым келишимдерге кол койгондугун айтты.

“Россия өз милдеттерин аткарды. Мындан тышкары, Сирия президенти Башар Асад жана Сирия өкмөтү менен менен келишим түздүк. Көрүп турганыбыздай, Сирия өкмөтү ушул келишимге амал кылууда”, деди Россия президенти.

Пресс-конференция учурунда АКШдагы өзгөрүүлөрдү жакындан күзөтүп жаткандыгын айткан Россия президенти “Россия менен тең негизде алакаларды орнотууну каалагандарды да көрүүдөбүз. Бул абал мамлекетибиз үчүн да, эл аралык коомчулук үчүн да маанилүү”, деп кошумчалады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here