Бишкектеги терактта Тажикстан, Кытай жана Россия издери табылды

274
0

Бишкектеги терактта Тажикстан, Кытай жана Россия издери табылды

Россия федералдык коопсуздук кызматынын директорунун биринчи орунбасары, армия генералы Сергей Смирновдун айтышынча, Шанхай кызматташтык уюмунун атайын кызматтары Бишкектеги Кытай элчиканасында болгон терактка келип чыгышы Тажикстан, Кытай жана Россияга такала турган адамдар алакадар экендигин аныктаган.

 “Бишкектеги терактка тиешелүү адамдарды аныктоо боюнча иштер ШКУнун атайын кызматтары менен кызматташтыкта уланууда. Бул иште Тажикстан, Кытай жана Россия издери көрүнүүдө”,- деди Смирнов.

Мындан мурунураак, Кыргызстан Улуттук коопсуздук комитети – терактты “Чыгыш Туркистан Ислам кыймылы” уюмунун мүчөсү, Тажикстан жараны Халилов Заир атына расмийлештирилген паспорт менен жүргөн уйгур улутундагы адам – ишке ашырганын кабарлаган эле.

Туркистон:

белгилүү бир аймактарда ишке ашырыла турган жардыруу иштеринин бардыгы анык бир максатка багытталган болот. Аны ким ишке ашырганы башкы мааниге ээ эмес. Анткени, буга чейин да, Россияда жана башка жерлерде жардыруу амалиятында өзүн-өзү жардырып жиберди деп жарыяланган адамдар кийин тирүү болуп чыкканына бир нече жолу күбө болгонбуз. Жардыруулардагы маанилүү нерсе,анын ишке ашырылышына кайсы күчтөр кызыкдар жана демөөрчү экендиги.

Куфр дүйнөсү мындай жардыруу иштерин жана анын аткаруучуларын тандап, анын убактысына чейин белгилеп коёт. Жардыруу өз кызыкчылыктары жана максаттарына кызмат кылышы үчүн, ага ыңгайлуу шарттарды түзүп берет. Жогорудагы орус жооптуусунун билдирүүсү да ушуга далалат кылууда. Алар бул жардыруу амалиятынан кийин эле, Кыргызстанда ШКУнун ортоктош антитеррордук аскерий машыгууларын өткөрүүгө даярдыктарын көрүштү. Россия жана Кытай машыгуу өткөрүү шылтоосу менен аймакка өз аскерий күчтөрүн алып кирип келишүүдө.Эми алар Кыргызстандан кайтып чыгып кетпөөнү максат кылышкан болсо,анда дагы жаңы жардыруу иштерин улантууга урунушат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here