АКШ аскерийлери Сириядан кууп чыгарылды

445
0

АКШ аскерийлери Сириядан кууп чыгарылды

Сириянын Чабанбей шаарчасында АКШ аскерийлери Сирия азаттык армиясы мужахиддери тарабынан кууп чыгылган. Бу тууралуу Спутник кабар агенттиги маалымат таркатты.

Агенттиктин Сирия азаттык армиясы булактарына таянып кабарлашынча, Түркия аскерлери жана Сирия азаттык армиясы кызматташтыкта жүргүзүп жаткан “Ал-Баб” аскердик амалиятына катышуу максатында Чабанбей шаарчасына келген 29 АКШ аскерийлери Сирия азаттык армиясы мужахиддери тарабынан катуу каршылыкка учураган. Ушундан улам, алар аймактан чыгып кетүүгө мажбур болушкан.

Кабарда айтылышынча, Түркия чегарасына 5км жакындыкта жайгашкан Чабанбей шаарчасына түрк аскерлери менен келген АКШ аскерийлери Сирия азаттык армиясы курамындагы “Нуриддин Зангий”, “Жайш ут-Тахрир”, “Хамза бригадасы”, “Шам жабхасы” жана “Султан Мурад отряды” мужахиддери тарабынан катуу каршылыкка учураган. Алар “эй Америка, Сириядан жогол” деп, жана “Жападан жалгыз туура жол – бул Ислам жанаМухаммад с.а.в.дын жолу” деп кыйкырышып, АКШ аскерийлерин аймактан күч менен сүрүп чыгарышкан.

Сирия азаттык армиясынын каршылыгы себептүү шаарчаны таштап кетүүгө аргасыз болгон АКШ аскерлери түрк кошууну коргоосунда Түркияга кайтууга мажбур болушту.

Маалымдалышынча, бул АКШ аскерийлери согушуу үчүн эмес, болгону, фронт артында туруп, кеңеш берип туруу үчүн гана келишкен.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here