Изралдин аскерий тармагы өнүгүүсү үчүн АКШ ири каражат бөлдү

251
0

Изралдин аскерий тармагы өнүгүүсү үчүн АКШ ири каражат бөлдү

Израиль гезити “Хааретз” АКШ Израилге аскерий тармакта 38 миллиард долларлык жардам көрсөтөрүн жазып чыкты. Газетанын веб-сайтында таркатылган кабарга караганда, АКШ кийинки 10 жыл ичинде Израиль аскерий тармагы өнүгүүсү үчүн 38 миллиард долларлык жардам көрсөтүшү тууралуу эки мамлекет ортосунда келишимге кол коюлган.

Reuters кабар агенттиги да АКШ менен Израиль өкмөттөрү ортосунда коопсуздук маселесине тиешелүү меморандумга кол коюлгандыгын маалымдады. Агенттиктин кабарына караганда, 2018-жылдын акырынан тартып 2028-жылга чейин АКШ Израилге 38 млрд долларлык жардам ажыратат. Мында Израиль жыл сайын 3,3 млрд доллар о.э. ракеталарга каршы коргонуу түзүмү үчүн дагы 500 млн доллар алат.

АКШга барган Израиль Улуттук Коопсуздук Кеңеши жетекчисинин өкүлү Яқуб Нигел ушул жаатта Ак Үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс менен жолугушту. Маалымдалышынча, анти-ракета түзүмүн өнүктүрүү сыяктуу темаларды өз ичине алган бул келишим үчүн 2015-жылдан бери учурашуулар болуп келүүдө.

Ушул эле учурда, АКШда демократтар партиясынан президенттикке талапкер Хиллари Клинтон АКШ президенти болуп калса, Израилдин региондо күчтүү мамлекет бойдон калышы үчүн, аны заманбап күчтүү курал-жарак менен колдоп-кубатташын билдирди. Кабарларда айтылышынча, Хиллари Клинтон шайлоодо яҳудий лоббисинин колдоосун колго киргизиш үчүн түрдүү убадаларды берип жатат.

Израилдин региондогу эң күчтүү куралга ээ мамлекет бойдон сакталып калышына убада берген Клинтон Ак Үй администрациясы Израиль менен стратегиялык кызматташтыкты улантарын баса белгиледи.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here