Айт намазы коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте өткөрүлдү
Бишкек ИИБ билдиришинче, эски аянтта айт намазы окулуп, ага болжол менен 55 миңдей киши келген. Кыргызстанда быйылкы Курбан Айт намазы биринчи жолу коопсуздук чаралары өтө күчөтүлгөн тартипте окулду.
Бишкектеги мечиттер жана аларга келген намазкөйлөр текшерүүдөн өткөрүлдү. Аянтта окулган намазга да мусулмандар атайын аспаптар жардамында текширүүдөн өткөрүлгөн соң киргизилди.
ШИИБ маалымат кызматы билдиргенинене караганда, Айт намазына келген жарандардын жанынан жети бычак, эки кастет, МР-8 үлгүсүндөгү тапанча жана бир ок табылган.
«Бишкек ШИИБдин Коомдук коопсуздук башкармалыгы тарабынан айт намаз учурунда тартипти сактоо боюнча план иштелип чыккан. Шаардык милиция ошондой эле айт намазга сайып-кесүүчү жана ок атуучу нерселерди алып келүүгө тыюу салынарын алдын ала эскерткен», — деп айтылат маалыматта.
Жанынан тыюу салынган нерселер табылган жарандар кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмүнө берилген.
Булак: Sputnik.kg
Туркистон:
Кыргызстан бийлигинин бул иши – мусулмандарды ибадаттан тосуу жана аларды көзөмөлгө алуу үчүн бир ыкма болуп калды.
Акыркы жылдары Кыргызстанда айт намаздарына катышкан мусулмандар эсеби жалпы калктын санына салыштырмалуу абдан көбөйүп баратат. Башкалаанын өзүндө эле жүз миңдеген адамдар намазга катышып, мындай көрүнүш өкмөт ичиндеги Исламга жана мусулмандарга каршы карасанатайлыгы бар кызматкерлердин кыжырын келтирүүдө. Бир жылда эки жолу окулуучу бул жамаат намазы – Кыргызстан канчалык деңгээлде исламийлешип баратканын көрсөтүп турат.
Дүйнөлүк коомчулук да мындан кабатырланып жатат. Алар жыл сайын Кыргыз өкмөтүнө миллиондогон долларларды мына ушул исламдашуу жараянынын алдын алуу үчүн берип келет. Бирок, Кыргызстан алардын акчасын “актай албай” убара. Ошондуктан, өкмөт мурунку намаздын борбордук аянтта окулушуна тоскоолдук кылса, мунусунда мусулмандардын көпчүлүгүн намаздан чоочутуп, аларды артка кайтарууга урунду.
Мындан бир аз мурдараак, Тажик өкмөтү 16 — 17 жаштагы мусулмандарды мечиттерге киргизбей койгон эле. Муну менен, алар мусулмандарды мечитке да паспорт көрсөтүп кире турган кылып коюшту.
Ушул сыяктуу Кыргыз өкмөтү да дүйнөлүк куфр системасы алдында – алардан Исламга каршы күрөшүү максатында алып жаткан жардамдамдары жаатында отчет бериш үчүн – дагы бир ишин баштады. Бул иши аркылуу, ал мусулмандар үстүнөн орган кызматкерлеринин көзөмөлүн дагы да күчөтүп алмакчы болууда. Бул үчүн Кытай элчиканасындагы жардыруу сыяктуу терракт кылышпаса эле эми. Себеби, мусулмандарга кысымды күчөтүүнүн бирден-бир жолу ушундай жасалма терракттар болуп калбадыбы. Т.а. мусулмандар тарабынан агрессиянын күчөшүнө алып баруу жана маалымат каражаттары аркылуу буга каршы маалымат күрөшүн күчөтүү.
Негизи, мусулмандар өз алдынча эч бир жайды жардырышпайт, качан гана аларды бийликтин атайын кызматы тузакка илинтип, багыттап, шарт жаратып берсе гана алардын айрымдары терракт жасоого бара алат. Же алардын атынан ушул атайын кызматтар өздөрү жасайт. Мындай жардыруулар бийлик үчүн абдан маанилүү.
Эгер бийлик мусулмандарды ибадаттардан тосуу жана даъваттарын көзөмөлгө алуу аракетин уланта берсе, анда алардын жасалма терракттарды жасоо коркунучтары күчөй берет.
Кытай элчиканасындагы жардыруу амалияты болбогондо, алар айт намазында бул сыяктуу текшерүүлөрдү жүргүзө алышпас эле. Бул жардыруу бийликтин азыркы кадамдары үчүн маанилүү жана пайдалуу болду. Бирок, мындан кийинки мусулмандарга каршы кылчу репрессияларын күчөтүү үчүн мунун өзү жетиштүү болбойт. Ошондуктан, алардын дагы башка бир ыплас иштерди ишке ашыруу ыктымалы бар.
Маселенин экинчи бир жагы да бар. Мамлекет ичиндеги жардыруу иштери бийликтин көзөмөлүнөн тышкарыда жана анын катышуусусуз да аткарылышы мүмкүн. Айталы, башка бир мамлекеттердин атайын кызматтары тарабынан уюштурулушу да ыктымал. Бирок, мына ушундай болуп жаткан күндө да, өкмөт бул кылмыштарды кимдер кылып жатканын сезип турса да, алардын бетин ачып таштай албайт. Ошентип, ал өз алсыздыгын жаап-жашырыш үчүн, айыпты жеңил гана исламий кыймылдардын бирине жүктөй салып, мусулмандарга каршы күрөш ачат.
Ушул эки абалдан келип чыгып, бу система жалаң ыплыас ыкмалар менен гана өкүм жүргүзө алат деп айта алабыз. Ырас, Кыргыз өкмөтү да ушул куфр системасы менен башкарган соң, демек, Кыргызстан калкы да мындай “жунгли окуяларынан” кутула албайт. Ошентип, бийлик да, жарандар да эч качан коопсуз-бейпил турмуш сүрө албайт.