Жон Бреннан: Асад режиминин кулашын каалабайбыз

321
0

АКШ өкмөтү Сирияда Асад режиминин кулашын арзуу кылган жок. Бул тууралуу АКШ Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) башкы директору Жон Бреннан айтты.

Сирия маселесине тиешелүү пикирлерин ортого таштаган Жон Бреннандын айтышынча, Сирия согушу акыбетинде Асад өкмөтү куласа, бул региондогу баш-аламандыкка себеп болушу мүмкүн. Себеби, Асад режими қулагандан кийин анын ордун кандай күчтөр күчтөр ээлеши азырга чейин белгисиз бойдон калууда. Дал мына ушу маселе Вашингтонду эң көп кабатырга салып жаткан маселе болуп саналат.

АКШнын кабатырлануусу эң орундуу экенин белгилеген Жон Бреннан “Биз көз тигип турган эң акыркы нерсе – куралдуу топтордун Дамаскка карай илгерилөөсү”, — деди.

Бреннан мындан мурунураак, 6 жылдан бери созулуп келе жаткан согушта Сириянын бир бүтүн мамлекет катары сакталып калышына күмөн менен карарын билдирген болчу. Колорадо штатында өткөн “Аспен” Коопсуздук Форумунда сөзгө чыккан ЦРУ директору “Сириянын бир бүтүн мамлекет катары сакталып калышы жаатында оптимист боло албайм. Сириянын кайрадан өзүндөй болушу же болбошун биле албаймын”, — деген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here