Курман айт мубарак болсун

268
0

Курман айт мубарак болсун

Аллаху акбар, Аллаху акбар, Ла илаха иллаллаху валлаху акбар, Аллаху акбар жана лиллахил хамд

  Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылган заттарды жер жүзүндө халифа кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон Ислам динин үстөм кылууну о.э. алардын абалын кооп-коркунучтардан кийин тынчтык-кадыржамдыкка айландырып коюуну убада кылган Аллахка алкыш-мактоолор болсун.

Аллахтын Расулуна, ал заттын үй-бүлөсүнө, сахабаларына о.э. ал затты ээрчип анын жолунда жүргөн, Ислам акыйдасын өзүнүн фикратына негиз кылып алган, шаръий өкүмдөрдү болсо иштерине өлчөө кылып алган заттарга салату саламдар болсун!

 Мусулмандардын улуу майрамы болгон Курман айт да кирип келе жатат. Бардык Ислам үммөтүн эртеңки мубарак Курман айт майрамы менен куттуктайбыз!

Биз Үммөттү ушул мубарак Курман айт менен куттуктап жаткан ушундай күндө, Үммөттү бардык тарабынан курчап алган кырсыктар себептүү, кайгы-кападан өзөгүбүз өрттөнүп турат. Анткени, Халифалык кулатылгандан бери бир кылымга жакын убакыт өттү. Мунун натыйжасында мусулмандар бөлүнүп-жарылып, аларды  Аллахтан, Расулунан жана момундардан уялбай турган рувайбиза акимдер башкарууда. Колонизатор кафирлердин жана алардын союздаштарынын өлкөлөргө жана пенделерге зулум кылып жатканын айтпасак да түшүнүктүү.

 Үммөт кандай гана окуяларды башынан өткөрбөсүн, биз Аллах Тааланын убадасына анык ишенебиз. Ал Зат Өз динин үстөм кылууну убада кылган. О.э. Расулуллах саллаллаху алайхи ва саллам да залим падышалыктан кийин Халифалык болушу туурасында башарат кылган. Аллахтан мындай падышалыкты жок кылышын о.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты өз көзүбүз менен көрүп калууну насип кылышын сурайбыз,  бул нерсе өтө жакын болсо ажеп эмес.

 Эй Аллахым, эй асмандарды түркүксүз көтөрүп койгон Роббим, Халифалык мамлекети тезирээк тикеленишин насип кыл! Эй Аллахым, рошид халифага байъат берүүнү бизге да насип кыл! Анткени, ушул халифа калктарды адамзатка кулдук кылуудан куткарат, пенделерди пенделерге ибадат кылуудан чыгарып, ааламдар Роббиси Аллахка ибадат кылууга алып чыгат. О.э. ал халифа адамдарды бул дүйнө тардыгынан дүйнө жана акырет кеңдигине, ыпылас капитализм караңгылыгынан Исламдын адилеттүүлүгү жана нуруна алып чыгат.

 Биз Кудуреттүү Аллахтан жакынкы күндөрдө нусрат берип, бизди Ислам менен, Исламды биз менен азиз кылышын сурап калабыз. Бардыгыбызга Курман айт мубарак болсун!

Хизб ут-Тахрир Кыргызстан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here