Шавкат Мирзияев Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
8-сентябрь күнү Өзбекстан Олий мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын жана Сенатынын кошмо жыйыны болду. Жыйында Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Шавкат Мирзияев Өзбекстан Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
“Интерфакс” агенттигинин кабар беришинче, Өзбекстан Конституциясынын 96-беренеси боюнча Сенаттын төрагасы Нигматилла Юлдашев президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалышы керек эле.
А бирок, Юлдашев бул милдетти моюнга алуудан баш тарткан. Ошого байланыштуу депутаттар премьер-министр Шавкат Мирзияевдин талапкердигин бир добуштан колдошкон.
Туркистон:
Өзбекстан Каримов тарабынан авторитардык режим менен башкарылып келди. Бир диктатордун же топтун (партиянын) саясий басымы астында башкарылып жаткан система авторитардык режим деп аталат. Бул адам же топ саясаттан кетери менен система кулай баштайт. Себеби, бул система тоталитардык режимден айырмаланып, анда бир мыйзамдуу системанын үстөмдүгү болбойт. Тескерисинче, мыйзам да бул топтун кызыкчылыгына кызмат кылат.
Өзбек режими да авторитардык режим болуп, анда белгилүү бир идеология же мыйзам диктатурасы болгон эмес. Бул система, бир топтун гана кызыкчылыгынан келип чыгып, бир адамдын атынан башкарылып келген. Бул киши 25 жылдын ичинде бир жаңы муунду тарбиялап алды. Алар ушул мухитте төрөлүп, ушул мухитте жетилишти. Бул жердеги проблема, бул муун мыйзамды же бир система жана идеологияны эмес, Каримовду күч-кубат булагы деп билишет эле. Ошондуктан, учурда жетекчисиз калган бул режим: “Каримовдон күчтүү башкаруу системасы калды, ал бизге башкаруу системасын мураска калтырды”, — деген пикирди кайра-кайра айттырып жатат.
Өзбекстандын азыркы абалындагы жетекчилигин бейбаштык системасы деп атасак туура болот. Бул системага Нигматулла Юлдашев сыяктуу алсыз фигуралар баш боло албайт. Мирзияев да өзүнө ишене албай турат. Себеби, Мирзияевдин өзбек калкынын арасындагы аброю өтө эле төмөн. Ал азыр эл аралык саясаттагы бир катар мамлекеттер менен сүйлөшө ала турган чоңураак саясатчы болуп турат. Мындан тышкары, азыркы өзбек режими Россияга таянып жаткандыктан, Инаятов таяна турган россиячыл саясатчы Мирзияев болуп турат.
Бирок, Каримовдун ордуна Мирзияевдин келиши режим диктатурасы уланышын түшүндүрөт. Мирзияев өзү үчүн жаңы бир авторитардык система пайда кылат. Бирок, бул система Каримовдукунан да катуу режим болушу күтүлүүдө. Себеби, режим аны тан алышы үчүн, калк ага моюн сунуп, аны тан алышы үчүн, бир нече жылдар зулумду күчөтүүгө туура келет. Мирзияевден жеңилдик тарапка ар кандай реформаларды күтүүгө болбойт. Тескерисинче, бул адам бардыгын башынан баштайт. Путин буларды өзү басып өткөн жолдор менен жетелейт.