Өзбекстан: Президенттик шайлоо 4—декабрга белгиленди

373
0

Өзбекстан: Президенттик шайлоо 4декабрга белгиленди

9-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Жыйынга Өзбекстан республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, саясий партиялардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Өзбекстан конституциясынын 96- жана 117-беренелерине о.э. “Өзбекстан республикасынын президентин шайлоо туурасындагы” мыйзамдын 8-беренесине, “Өзбекстан республикасынын Боррбордук шайлоо комиссиясы туурасындагы” мыйзамдын 5- жана 9-беренелерине ылайык, 2016-жыл, 4-декабрь, жекшемби күнүн Өзбекстан республикасынын президентин шайлоо күнү деп белгилөө туурасында токтом кабыл алынды.

 Өзбекстан республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы, Өзбекстан республикасынын президентин шайлоо боюнча шайлоо кампаниясы ушул жылдын 9-сентябрынан башталгандыгын жарыя кылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here