Өкмөт “Хизб ут-Тахрир”ге дагы бир жолу жалаа жапты

251
0

بسم الله الرحمن الرحيم

 Өкмөт “Хизб ут-Тахрир”ге дагы бир жолу жалаа жапты

 08.09. 2016-ж. бейшемби күнү таң эртелеп орган кызматкерлери Ош областына караштуу Кара-Суу шаарындагы “Хизб ут-Тахрир” жигиттеринин үйлөрүнө келип, аларга Кытайдын Бишкектеги элчиканасында 30-август күнү жүз берген жардыруу айыбын т.а. жасалма айыптарды жабыштыруу максатында тинтүүлөрдү жүргүздү…

Өкмөт куфр мамлекеттеринен алган акчаларды актоо максатында качанкыга чейин “Хизб ут-Тахрир”дин мүчөлөрүн курмандыкка чалат? Качанкыга чейин элдин баарын алдап, өз калкына жалган сөздөрдү таркатышат? Өзүнө керек болгон учурда “Силер кой эмессиңер” деп жар салган жетекчилер, анан эмне үчүн өздөрү койдой көрүп кааласа үйлөрүнө бастырып кирип, кааласа камакка алып жатат?! Эмне үчүн?!

Качанкыга чейин орган кызматкерлерине “пландарды” т.а. кварталдык, жылдык пландарды салып, отчёт талап кылышат? Аларды көбүрөөк чыгарган район макталгыдай кылмышкерлер эмне фабрикадан чыгуучу продукция беле? Кылмышкерлерди жок кылуу жалган жалаа негизинде алардын санын көбөйтүү менен эмес, тескерисинче, ушуга мажбур кылып жаткан абалдарды жоюу, андан тышкары чыныгы  кылмышкерлерди жазалоо менен болот эмеспи? Чыныгы  кылмышкерлер эмнеге изделбей жатат? Же алар табылса, жашыруун “сырлар” да ачылып калабы?

Хизб бир жерди жардырып, элди коркутууну о.э. акысыз түрдө адам өлтүрүүнү арам деп билет. Материалдык иштер менен максатка жетүүнү расмий китеп-журналдарда  о.э. расмий сүйлөөчүлөр аркылуу кайра-кайра четке кагып келет. Бирок ошого карабастан, мындай жалаа жабуулар качанкыга чейин уланат?

Дал ушул окуя туурасында көптөгөн жылдар Исламдан кабарсыз калган үммөттү эскертип, “Амандык берилген кайрыдинди өлтүрүү, мал-дүйнөсүн талап-тоноо арамдеген макалада бул иштин шаръий өкүмүн үммөткө жеткирип жаткан болсок, анан кантип ага тескери иш кылабыз? Аллах Таала айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا لِمَ تَقُولُونَ مَا لَا تَفْعَلُونَ ۩ كَبُرَ مَقْتًا عِنْدَ اللَّهِ أَنْ تَقُولُوا مَا لَا تَفْعَلُونَ

Эй момундар, силер эмнеге өзүӊөр кылбай турган нерсени айтасыӊар?! Силердин өзүӊөр кылбай турган ишти айтышыӊар Аллахтын алдында өтө жаман көрүлгөн (иш). [61:2-3]

Биздин максатыбыз анык. Биз максаттарыбызды ар бир китептерибизде жана макалаларыбызда кайталап келебиз. Т.а. тарыхыбызда болгону сыяктуу жана Жаратуучубуз талап кылгандай Куран жана хадис негизиндеги жашоону т.а. Исламий турмушту кайрадан баштап, эки дүйнөдө азиз болууну максат кылабыз. О.э. көздөгөнүбүз куфр дүйнөсүнө муктаж-тилемчилер катары эмес, фатихтер болуп, Аллах Тааланын рисолаты болгон Исламды жеткирүүчүлөр болуп баруу. Куфр режимдеринин зулумдарына чекит коюу жана өзүбүздү эле эмес, бүт дүйнөнү Ислам нуруна жана шаръий өкүмдөргө алып чыгуу о.э. анын аткарылышын катуу көзөмөл кылуу . Бул жолдо бизге эч нерсе тоскоолдук кыла албайт. Дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө миллиондогон боордошторубуздун зулум көрүп жатканы, удаама-удаа шейит болуп жатканы жана кайра-кайра камалып жатканы бул сөзүбүзгө далил болот. Жалаа жабуу акылсыздык, өзүн-өзү алдоо болуп, эки дүйнө кордугуна алып барат. Мындан тышкары, бул нерсе саясий ката болуп эсептелет. Себеби, жалгандын өмүрү өтө кыска.

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here