АКШ Россияга каршы санкцияларды кеңейтти

318
0

АКШ Россияга каршы санкцияларды кеңейтти

 АКШ соода министрлиги Россиянын 11 компаниясын санкциялар тизмесине киргизди. Эми санкциялар тизмесинен Россиянын 81 компаниясы орун алды.

 Өткөн аптада Америка каржы министрлиги өзүнүн санкциялар тизмесин кеңейтти. Ошону менен бирге, чектөөлөр кошумча түрдө 20 компания жана 17 жеке тарапты өз ичине алат. Ушул тизме “Газпром” жана “Москва банкы”нын филиалдарына о.э. Крымда иштеп жаткандарга тийиштүү.

АКШ санкцияларына биринчи жолу аскерий өнөржайда иштетүү мүмкүн болгон электроника иштеп чыгаруучу 11 компания киргизилген.

Токтом 7-сентябрдан баштап күчүнө кирет.

Туркистон: 

Кытайда  G20нын кезектеги саммити болуп өттү. Саммитте Кытай менен Россия ортосунда  жылуулукка окшогон бир абал сезилди. Кытай менен АКШ ортосунда тескерисинче, муздактык жана кайдыгерликке окшогон мамиле сезилди. Россиялык телеканалдар бул абалды өтө чоң жетишкендик катары дүйнөгө алып чыгышты.

Россиялык маалымат каражаттарынын билдиришинче, “Саммитте Обама Путинден жолугушууга убакыт берүүнү суранган. Бул жолугушуу саммиттин расмий программасында болбогондуктан, Обаманын суранычы менен ишке ашырылды. Бирок, алардын ортосундагы сүйлөшүүнүн негизи болгон Сирия маселесиндеги бир катар багыттарда эки лидер бири-бири менен келише алышпады”, — деп айтылат.

Демек, эл аралык саясатта Кытай менен АКШ ортосунда, Сирия маселесинде келишпестиктер пайда болууда. Кытайдын Россияны колдоп жибериши күтүлүүдө. АКШ Сирияда  Россиянын аскерий кубатын өз максаты жолунда пайдаланып келе жаткан эле. Эми бул тармакка Кытай да Асад режимин коргоо максатында кошула баштады. Т.а. Кытай менен Россиянын максаттары ылайыкташып барууда. АКШ болсо бүт региондун тең салмактуулугу жөнүндө баш оорутат. Кытай менен Россиянын биргеликтеги аракеттери АКШ үчүн бир катар проблемаларды пайда кылышы мүмкүн.

Мындан тышкары, Россиялык маалымат каражаттары жана Путиндин кеңешчилери Кытай аркылуу Индияга жол ачуу жөнүндө сөз кыла башташты. Россия “экономикалык кризистен кутулуп кетүүнүн стратегиясы, Кытай аркылуу Индияга чыгып алуу” деп белгилеп алган. Бул жолдун ачылышы Россия үчүн канчалык маанилүү жана зарыл проблемалардын бири болуп эсептелсе, АКШ үчүн тескерисинче, бул жолду тосуп алуу Россия кайрадан күчтүү дүйнөлүк жетекчи мамлекетке айланып алышынын алдын алууда өтө маанилүү иш болуп эсептелет.

Кытай болсо, Путинди дүйнөгө реклама кылып, анын кадыр-баркын көтөрдү. Австралияда болуп өткөн мурунку саммитте Путинди Обама өтө эле кордоп жиберген болчу. Ал саммит бүтүшүнө бир  күн калганда таарынып кетип калган эле. Бул жолу Путинди Сириядагы аскерий аракеттери үчүн алкыштай башташты. Кытай бул позициясын мындан бир аз мурда, ШКУнун Ташкенттеги саммитинде билдирген болчу.

Кытай Россия менен кызматташтыкка карай барышында кандай максатты көздөшү мүмкүн жана бул кызматташтык региондо кандай натыйжаларга алып барышы мүмкүн?

Орто Азия региону Каримовдун өлүмүнөн кийин, өтө кооптуу болуп барууда. Бул кооптуу кырдаалдагы негизги коркунуч, АКШ, Россия жана Кытай мамлекеттеринин кызыкчылыктарына байланыштуу. Өзбекстанга карата Путиндин мамилеси анык болду. Ал режимди өз абалында сактап калууну каалайт. Обама болсо тескерисинче, “Каримовдун өлүмүнөн кийин Өзбекстанда демократиялык реформалар жүз беришинен үмүттөнөм” деди. Кытай да Каримов бийлигинин акыркы жылдарында бир катар пайдалуу алакалар негизинде Өзбекстан режими менен жакындаша баштаган эле. Мындан тышкары, региондо туруксуздук пайда болушу Кытай үчүн да пайдалуу болбойт, тескерисинче, бул толкундоо анын ичкерисинде да ыңгайсыз абалдарды пайда кылышы мүмкүн. Кытай Сирияда да өтө чоң кызыкчылыктарынан айрылган эле.

Кытай менен Россиянын кызматташтыгы АКШны ушул региондо артка чегинүүгө мажбур кылышы мүмкүнбү? Жок, АКШ Россиянын дагы ондогон тармактарына санкцияларды жарыя кылды. Ал күчү жеткенче аракет кылып көрөт. АКШ Батыш дүйнөсүн Россияга каршы бир лагер катары уюштуруп алды. Эгерде Кытай жана Индия Россия менен бириксе, дүйнө дагы кайрадан эки лагерге бөлүнүшү мүмкүн. Бул болсо, Борбор Азия алар үчүн күч сынашуу майданы болуп калышы мүмкүн деген күмөндү күчөтөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here