Сириядагы кырдаал Израилди тынчсыздандырууда

237
0

Сириядагы кырдаал Израилди тынчсыздандырууда

Израиль коопсуздук кызматы “Шин Бет”тин мурдагы жетекчиси Ави Дихтер Сириядагы кырдаал начарлап бара жатканын билдирди. Дихтердин айтымында, региондо күңүрттүк өкүм сүрүүдө. Алдын ала айтуу кыйын болгон өзгөрүштөр жүз берүүдө.

“Сирияда акыркы беш жылдын ичинде токтотуу мүмкүн болбогон согуштар уланууда. Израиль да Жолон дөңсөөсүндө чабуулдарды улантууда. Коркунучтарга кээде асмандан, кээде куралдуу көрүнүштө каршы туруп жатат. Разведка жаатында да Израиль региондогу жакын кошуналары жана Россия жардамында атайын байланыш каналын түздү. Бирок, бул жерде күңүрттүк бар. Батыш жана Араб мамлекеттери Асадды мүмкүн болушунча тезирээк кулатуу керектигин айтып келишкен болчу. А бирок, иштер андай көрүнүштө болбоду”, — деди Израиль гезитине интервью берген Дихтер.

Израил разведкасынын “кара кутусу” катары таанылган Ави Дихтер региондогу коопсуздук тууралуу сөз кылып, ибронийче “Балаган” сөзүн колдонду. “Балаган” сөзү жагымсыз окуялар жүз берген учурда колдонулат.

Региондогу кырдаал толук бойдон тартипсиз абалда экендигин баса белгилеген Дихтер: “Акыркы кездерде Түркия түндүк тараптан өтө чоң аракетти баштады. Россия да Ирандын базалары аркылуу Сирияны талкалап жжатат. Региондо алдын ала айтуу кыйын болгон өзгөрүүлөр жүз берүүдө”, — деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here