Гүлен: Мен Батыштын кызматындамын, мени Түркияга тапшырбагыла

338
0

Гүлен: Мен Батыштын кызматындамын, мени Түркияга тапшырбагыла

Түркиядагы төӊкөрүш аракетинде негизги айыпкер катары сыпатталып  жаткан Фетхуллах Гүлен АКШ бийлигинен өзүн Түркияга тапшырбастыкты суранды. Ал Нью-Йорк Таймес гезитине жазган макаласында “Батыштык демократтарга муътадил, (демократияны жактоочу) мусулмандар зарыл болгон бир учурда мен жана “Хизмет” кыймылындагы боордошторум Батыш тарапка өттүк” деп, Обама админстрациясына кайрылды.

Гүлен төңкөрүш кылууга аракеттенген адамдарга тиешеси бар экендигин четке кагып, өзүнүн Түркияга кайтарылышы боюнча АКШ бийлигине кайрылып: “Эрдогандын арзуусун түшүнүүгө болот, а бирок, Америка буга каршылык көрсөтүшү керек”, – деди.

О.э. макаласында Эл аралык Амнистия уюмунун Түркияда туткундар кыйноого алынып жатканы туурасындагы маалыматына көӊүлдү буруп, бул абал Түркияга кайтарылбастыгы керектигине себеп болушун баса белгиледи. (Булак: Ал-Жазира маалымат агенттиги).

Мындан бир аз мурда ВВС түрк кызматына интервью берген Фетхуллах Гүлен: “Мени Түркияга кайтарып берет деп ойлобоймун”, “Ал эми тапшырса да, мен үчүн айырмасы жок. Адам өз төшөгүндө өлөбү, же зынданда өлөбү кандай айырмасы бар”, – деген эле.

Туркистон:

Фетхуллах Гүлен жөнүндө кыскача маалымат.

Фетхуллах Гүлен 1990-жылдардын экинчи жарымында АКШнын этибарына түшкөн адам. Ал 1999-жылы АКШга барып орношкондон кийин Исламий изилдөөлөр жаатында иш жүргүзүүчү Батыш академиктерин өзүнө тартууга жетишти.

1997-жылы жүрөк оорусу себептүү АКШга барган Гүлен ошол эле жылы 11-июнда яхудийлердин таасирдүү уюмдарынын бири болгон “АDL” (Anti Defamation League) уюмунун жетекчиси Абрахам Фоксман менен жолугушту. Эскерте кетсек, “АDL”уюму Израил мамлекетин негиздеген Теодер Херсел тарабынан түзүлгөн уюм. Ал Израилге каршы ар кандай аракеттерди жок кылуу үчүн түзүлгөн террорчу уюм болуп эсептелет. О.э. бул уюм Палестина жерлерин өздөштүрүү менен да алектенет.

Изилдөөчү Селим Катилдин билдиришинче, “АDL” террорчу уюмунун башчысы Абрахам Фоксман 1998-жылы Түркияга келген. Тынчтык элчиси катары тосуп алынган Фоксман Фетхуллах Гулен менен жолугушуп, ага “Диндер аралык диалог” тууралуу китеп жазууну буйруган. Андан кийин аны Рим папасы менен жолугуштуруу үчүн Ватиканга алып кеткен.

Гүлен Ватикан папасы Иоанн Павел 2 менен жолугушкандан кийин “диндер аралык диалог” демилгесин көтөрүп чыкты. Гүлен үчүн Батыш маалымат каражаттарында “Исламдын заманбап, илманий жүзү” деген темада диалогдор өткөрүлө турган жана кабарлар таркатыла турган программа ишке түшүп, тез-тез эфирге узатыла баштады.

Саясат таануучу аалым Мехмед Фиринжи Гүлендин Ватикан папасы менен жолугушуусуна мындай комментарий берет: “Фетхуллах Гүлендин Папага кайрылуусу “диалог” деген аталыш менен анын этегин өбүү, жагынуу о.э. Ислам жана мусулмандар азиздигин жерге уруу болуп эсептелет. Фетхуллах Гүлен Папага жазган катында крестүүлүк жүрүшү кылмышын мусулмандардын мойнуна жүктөп, өзүн жана барча мусулмандарды папанын кызматына сунуштоо менен тарыхта эч бир чыккынчы кыла албаган кыянатка батынды”…

Фетхуллах Гүлендин “диндер аралык диалог” таалиминде насронийлик жана яхудийлик диндер да акыйкат дин деп айтылат. Т.а. бейишке кирүү үчүн бир гана Ислам динин кабыл алуу шарт эмес, насронийлик жана яхудийлик диндерин кабыл алгандар да мусулман болуп эсептелип, алар да бейишке кирүүгө акылуу экендиги айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here