Түркия Кыргызстанды мамлекеттик төңкөрүштөн эскертти
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 25-июль күнү Аланиядагы демонстрация учурунда кыргызстандык кесиптеши менен байланышып, андан өлкөдөгү Гүлендин тарапкерлерине мамилени өзгөртүүнү, ага тиешелүү мектептерди жабууну талап кылганын айтып, эгерде антпесе “Түркиянын Кыргызстанга мамилеси өзгөрүшүнөн” эскерткендигин кабарлаган болчу.
Чавушоглунун бул билдирүүсүнөн кийин Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги ага жооп берип “Кыргызстан эгемендүү мамлекет экендигин жана эмне жакшы да, эмне жаман экендигин өзү чече алышын” билдирди.
Кыргызстан тышкы иштер министрлигинин жообунан кийин Түркиянын Бишкектеги элчиси Метин Кылыч “Чавушоглунун Гүлен тарапкерлери туурасындагы эскертүүсүн Кыргызстан туура эмес түшүнүп алгандыгын” билдирип, “дал ушул Түркия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчи болуп тааныгандыгын, дал ушул Түркия Кыргызстандын БУУ жана башка эл аралык уюмдар үчүн мүчөлүк төлөмдөрүн төлөп келе жатканын” айтып өткөн эле.
Эми болсо Мевлют Чавушоглу “Фетхуллах Гүлен тарапкерлери Кыргызстанда да мамлекеттик төңкөрүшкө аракет кылышы мүмкүн” деп эскертүүдө.
Чавушоглу “CNN Turk” телеканалына берген интервьюсунда: “Кыргызстанда бир төңкөрүш болсо, аны Гүлендин тарапкерлери ишке ашырган болот. Алар Кыргызстан үчүн эң чоӊ коркунуч”, – деди.
Туркистон:
Кыргызстандын таалим саясаты жана системасы изден чыккан. Фетхуллах Гүлендин демилгеси менен Кыргызстанга өтө көптөгөн билим берүү мекемелери, медреселер кирип келди. Бул окуу жайлар Кыргызстандын билим берүү саясатынынын бир бөлүгү болуп калыптанып калды. Бирок, алар билим берүү менен гана алектенишет. Билим болсо, сакафат жана так илимдерге бөлүнөт. Кыргызстанга түрктөрдүн бул окуу жайларынан азырынча олуттуу бир коркунуч жок. Чавушоглу, “Себат”чылар сакафатта светтүүлүктү таркатып жатышат демекчи болсо, анда Түркиянын мамлекеттик таалим саясаты да ошол светтүүлүккө негизделген.
Кыргызстан өтө алсыз мамлекеттердин катарында турат. Бул алсыздык тышкы саясатта коркоктук катары кабыл алынат. Куфр мамлекеттери өздөрүнүн тышкы саясатында алсыз мамлекеттерди өз жолуна жүргүзүү, аларды мүмкүн болушунча өз кызыкчылыктары тарапка көбүрөөк тартуу туурасында пикирлешет. Бул капиталисттик системанын бузук табиятынан болуп, аны мусулмандар колдонушса да айырмасы жок, алар да кудум кафирлер сыяктуу бири-бирине каршы аракеттене башташат.
Эми Түркиядан да кооптоно баштайбыз. Себеби, алардын тыӊчылары Гүлен тарапкерлеринин атынан бузуку иштерди кылуу туурасында ойлоно башташат. Чавушоглунун билдирүүсүнө караганда, провокацияга аракет кылышса керек. “Себат” же дагы башка түрктөргө караштуу окуу жайлар бүгүнкү күнгө чейин бир жолу да проблема пайда кылган эмес. Аларга каршы ар кандай аракет жана басым өткөрүүлөр Кыргызстанда бөлүнүүнү жана проблемаларды пайда кылышы мүмкүн.
Биз Гүлендин же “Себаттын” тарапкери эмеспиз. Бирок, ар бир ишке шаръий түрдө туура, калыс жана саясий кызыкчылыктарыбыздан келип чыгып жооп кайтарышыбыз керек. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ” мусулман мусулмандын боордошу, аны таштап койбойт” дегенде, жакшыбы же жаманбы айырмасыз, бардык мусулмандарды назарда туткан. Ошондуктан, куфр системасынын механизмдеринин бири болгон Түркия же башка бирер өкмөт, бирер мусулманга же исламий уюмга зулум кылууну пландаштырып жаткан болсо, аларды куфрдун чеӊгелине таштап коюп бир четте туруу мүмкүн эмес. Ал тургай, мусулман боордошубуз өлүмгө өкүм кылынган учурда да, аны куфрдун өлтүрүшүнө жол берилбейт. Ал боордошубуз исламий казынын буйругу жана өкүмү менен шаръий мекемеде өлтүрүлүшү важиб болот.
Кыргызстан бийлигине кайрылып, эскертебиз.
Тышкы күчтөрдүн басымы менен мусулмандарга кысым көрсөтүү иштерин токтоткула. Өз өлкөбүздөгү мусулман жарандарга таянгыла. Алар күчкө толуп бара жатышат. Куфр силерди ушул кубаттан ажыратмакчы болууда. Алар силердин исламий мухитке таянып, бул күчтөн пайдаланышыӊардан кабатырда. О.э. Исламий, же сакафий жана илимий мекемелерди да жок кылып, улутту динсиз жана сабатсыз манкурттарга айландырууну көздөп жатышат. Бул болсо, аларга эмне берет? Бул нерсе алар үчүн козголоӊдорду уюштурууга, ич ара согуштарга, улутчулдукту жана теӊирчиликти күчөтүүгө о.э. дагы башка максаттарын ишке ашырууга кеӊири жол ачып берет. Ошондуктан, силер мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан ар бир аракетиӊер менен өз тамырыӊарга балта чаап жаткан болосуӊар.
Силер да (бийлик жана элита) биздин боордошторубуз болуп эсептелесиӊер. Силерди да биз убагы келгенде куфрдун чеӊгелине таштап койбойбуз. Силердин араӊарда балким Умар жана Халид ибн Валид (р.а.лар) сыяктуу келечектеги исламий жетекчилер бардыр. Бирок, биз силерди бгүнкү күндөгү абалыӊарда амру маруф жана нахий мункар кылабыз. Колуӊардагы убактылуу мүмкүнчүлүктөн пайдалануу менен мусулмандарга зулум кыла бербегиле.