Эрдоган Санкт-Петербургга барат
Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган 9-августта Санкт-Петербургга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Түркия премьер-министринин орун басары Мехмет Шимшек Россиялык кесиптеши Аркадий Дворкович менен жолугушуусу учурунда билдирди.
“Элчи мырза президентибиздин 9-августта Петербургда болушун тастыктаганы тууралуу кабарлады”, – деди Шимшек.
Өз кезегинде, Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путин мамлекеттик коопсуздук кеӊешинин өкүлдөрү менен Түркия президентинин сапары туурасында сүйлөшүп алгандыгын билдирди.
Мындан тышкары, Путин жолугушуу учурунда Эрдоган жана Бенямин Нетаняхулар менен телефондогу сүйлөшүүлөрүн да талкуулашты. О.э. Дмитрий Медведев жана Сергей Шойгуну кабыл алып, түрдүү маселелер тууралуу сүйлөштү.