Жон Керри Москвага келди
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия жана Украина маселелерин талкуулашуу үчүн Москвага келди. Кремлдин билдиришинче, Жон Керри Россия президенти Владимир Путин жана россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушуп, эл аралык маселелер, айрыкча Сирия кризиси жана Украина проблемасын талкуулашат. Ошону менен бир катарда АКШ менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер да талкууланат.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 15-июль жума күнү америкалык кесиптеши Жон Керри менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге берген билдирүүсүндө, Москва Сириядагы терроризмге (Исламдын өнүгүшүнө) каршы күрөш үчүн Вашингтон менен кызматташтыкта аракеттерди ылайыкташтыруу үчүн даяр экендигин билдирди.
Песковдун айтымыннда, президент Путин Сирия аймагында жана ага кошуна болгон мамлекеттерде терроризмге (Исламга) каршы күрөш маалымат алмашуу менен эле эмес, биргеликте кылынып жаткан аракеттерди ылайыкташтыруу менен гана натыйжа беришин кайра-кайра кайталап келет.
Песков кошумчалап: «Президент Путин америкалык өнөктөштөрүбүз бул түрдөгү кызматташтыкты четке какканы үчүн өкүнүчтө экенин бир нече жолу билдирди”, – деди.
Туркистон:
Россия өзүн АКШнын Сириядагы өнөктөшү катары көрсөтүүгө аракет кылганы менен, түпкүлүгүндө АКШнын талаптарын ишке ашырып берүүчү бир аткаруучу гана. Ошондуктан, Путин өзүнүн каалоолору ишке ашпагандыгы себептүү өкүнгөнүн билдирип кала берет. АКШ болсо Жакынкы Чыгышта, айрыкча Сирияда өзүнүн таасирин коргоо үчүн өзү түзгөн долбоор боюнча аракет кыла берет. АКШнын долбоору боюнча, Пентагон Сирия маселесине түздөн-түз аскерий аралашууну каалабайт. Тескерисинче, ага Сириядагы кызыкчылыктарын коргоп бере турган Россия сыяктуу күчтөр керек. Ошондуктан, АКШ Сирияда Исламдын өнүгүшүнө каршы туруу үчүн кээде Ирандан же анын Ливиядагы хизбинен, кээде болсо Россиядан пайдаланып келе жатат.