Кыргызстан президенти германия канцлери Ангела Меркелди тосуп алып жолугушуу өткөрдү. Андан кийин экөө расмий билдирүү беришти.
Маалымат жыйынында бир катар адаттагы расмий сөздөр айтылды. Көӊүл бура турган тема Атамбаевдин хижабга каршы айткан жообу болду. Ал акыркы күндөрдө социалдык тармактарда өтө катуу талкуу жана карама-каршылыктарды пайда кылып жаткан “Кайран элим, кайда баратабыз” деген баннерлер Бишкектин ар жерине илиниши жөнүндө айтып берди. Президент бул сүрөттөр бардык аймактарга илиниши үчүн каражат бөлгөндүгүн айтты. “Мындай аракеттердин Ислам менен эч кандай тиешеси жок. Бул улуттук кийинүү үрп-адаттарыбызды, кыргыз тили, кийинүү маданияты жана улуттук баалуулуктарыбызды коргоого тиешелүү аракет. Бизге арабдардын, Бангладеш же Индонезия жана башкалардын кийинүү маданиятынын кереги жок”, – деди президент.
Кызык жери, президенттин бул сөздөрү жана расмий билдирүүсү таза орус тилинде болду. Расмий мамлекеттик телевидениенин жаӊылыктар кызматы кабар беришинче, президент канцлерди немец тилинде салам берүү менен күтүп алган имиш. Кийип алган кийими да, таза Европанын маданиятынан кирип келген кийим экен.
Президенттин баннерлерди өзү атайылап илдирип, канцлердин алдында мусулмандарды агрессивдүү кылып көрсөтүп коймокчу болуп, социалдык тармактарда сүрөткө каршы чыккан мусулмандарга каршы атайын адамдарды даярдап койгондугу да белгилүү болду.
Мындан тышкары, Германия да исламдашуу өтө тездик менен өнүгүп бара жаткан мамлекет болгондуктан, немецтер да өз өлкөсүндө хижабга каршы бир катар чараларды көрүп келишет. Алардын да, биздеги сыяктуу эле, бир катар мектептерде хижабга тыю салууга аракет кылышканы кабарланган. Кыргыз бийлиги бул аракети менен Меркелден көбүрөөк акча өндүрүп калууга аракет кылган болушу мүмкүн. Бирок, алар бул иштер себептүү жарандардын арасында бөлүнүүлөр пайда болуп жатканын ойлонбой жатышат. Алар “хижабга же Исламга каршы чыксак Меркелге жагабыз” деген ой менен буга чейин эч бир кылбаган өнөрүн бүгүнкү күндө көрсөтүштү. Германия басымдуу бөлүгү христиандардан турган куфр мамлекет. Кыргызстан болсо, негизги жарандары мусулмандардан турган ислам өлкөсү болуп эсептелет. Бийлик муну эстен чыгарбашы керек эле.
Бийлик бул сүрөттү илип коюу менен эки нерсени көрсөтүп коймокчу болду.
Биринчиси: Куфр системасынын глобалдык саясатында алдыда бара жатканын көрсөтүп алуу. Т.а. кыргыз мамлекети да, АКШ президенти 2014-жылы сенаттын алдында жарыя кылган дүйнөлүк стратегиялык багыт менен аракеттенип жатканын көрсөтүп коймокчу болду. Ошондо Обама: “Эми Исламий мамлекеттердин бардыгы өздөрүнүн өлкөсүндөгү террористтер менен өздөрү күрөшүүсү керек. Зарылдык болсо, биз аларга керек болгон ар кандай жардамды берүүүгө даярбыз”, – деген эле. Ооба, Кыргызстан азыр жардамга аябай муктаж. Бирок, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө эмес. Бул бир шылтоо болуп жатат.
Экинчиси: Жакында Ташкентте болуп өткөн ШКУнун кезектеги саммитинде Каримовдон алган көрсөтмөлөргө ылайык аракеттенип жатышат. Өзбекстанда да алгач исламий чөйрө менен мамлекеттин ортосундагы келишпестик жасалма түрдө пайда кылынган эле. Андан соӊ белгилүү 16-февраль окуясы т.а. жасалма түрдө Каримовго кол салуу уюштурулган. Атамбаевдин өзү исламий баалуулуктарга жана исламий аалым жана уламаларга каршы чыгуу менен коомду экиге бөлүп, исламий мухитти коргоочуларды өзүнчө ажыратып алмакчы болду. Андан соӊ исламий мухит тарапкерлеринин атынан жардыруу иштери уюштурулат.Андан кийин, жалпы мусулмандарга каршы репрессивдик аракеттер башталат.
Жогорудагы эки максатты көздөгөн аракеттер, биз мусулмандардын бул жасалма аракеттерге канчалык деӊгээлде ишенип жатканыбызга байланыштуу. ИИМдин мурдагы министри Турганбаев башчылыгында өткөрүлгөн №50 абактан кылмышкерлерди атайын качыруу операциясынын соттук жараяны ушул күндөрдө аяктады. Соттун чечими биз күткөндөй эле болду. Т.а. бардык айыпты ошол кезде өздөрү өлтүрүп жиберген абактын кызматкерлерине жана абактын ошол кездеги башчысына жүктөп жиберишти. Ал жетекчини негедир Оштогу абакка алып келип камашып, андан соӊ асып өлтүрүп жиберишкен.
Соттун өкүмү күтүлгөндөй болду дегинибиздин себеби, бул кызматкерлерди жерге берүү ырасымына бир да чиновник катышпаган. О.э. алардын үй-бүлөсүнө эч кандай жардам берилбеди. Бул операциянын аягында алар албетте күнөөкөр болуп чыгышын алдын ала билгендей эле иш кылышкан. Алар бул канкордукту уюштурушту, бирок элди ишендире алышпады. Андан соӊ, ушунча адамдын өлүмүнө себеп болгон бул операцияны жашыруун сот кылып оӊой эле жаап жиберишти. Буларга арабдардын же башкасынын кийими жакпай жаткан имиш. Бул аракеттердин бардыгы чалгытуучу жасалма провокациялык аракеттер.
Мамлекет кылып жаткан Ислам жана мусулмандарга каршы иштер, мусулмандарды арам иш кылууга үндөй албайт. Алар бул ыпылас иштерди өздөрү уюштурууга аракет кылышат. Ишенбегиле, мусулман адам башка мусулмандын же бейкүнөө адамдын өлүмүнө себеп болуучу арам иштерди кыла албайт. Муну кафир же динди түшүнбөгөн, саясий жактан сокур болгон жалданма мусулман гана аткарышы мүмкүн. Куфр дүйнөсү биздин өкмөтүбүздү да – ыпылас ыкмалар менен өз жарандарын жардыруу менен – мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн жол ачып алууга мажбурлап жатат.
Өлкөбүз үчүн Ислам жана мусулмандар тарабынан эч кандай коркунуч жок. Биз болгону алсыз жана коргоосуз катмар болуп турганыбыз себептүү, алар бизге жалаа жаап, акаарат кылып жатышат! Себеби, мусулмандардын атынан жооп бериши мүмкүн болгон бирер бийлик же мамлекетибиз жок!