Кыргызстан бийлиги эркинен ажыратылган мусулмандарды түрмөнүн ичинде эч кандай соттун өкүмүсүз эле жабык режимге камап жиберүүдө

287
0

Кыргызстан бийлиги эркинен ажыратылган мусулмандарды түрмөнүн ичинде эч кандай соттун өкүмүсүз эле жабык режимге камап жиберүүдө

Кыргызстан бийлиги эркинен ажыратылган мусулмандарга мыйзамсыз түрдө, өмүр бою экинен ажыратылгандар жана өлүм жазасына өкүм кылынгандар үчүн колдонулуучу чараларды колдонуп жатат. Алар жалпы режимде жаза мөөнөтүн өтөөгө соттолгон 150 дөн ашуун исламий туткундарды жабык режимге камап коюшту. Туткундарды суткасына бир жолу жарым саатка гана асманды көрүп туруучу ачык абага алып чыгышат. Калган убакта жабык камераларга камап коюшат.

Бул шарттар мыйзамсыз эмеспи деген мааниде прокуратурага жазылып жаткан арыздар жоопсуз калып жатат. Укук коргоочу уюмдар болсо Аскаровду чыгарып алуу менен убара. Мусулмандарга душмандыгы болгон бул мамлекеттик эмес уюмдар өзүнүн кесиптеши үчүн эмнелерге кудуреттүү экендигин көрсөтүп жатышат. Бирок, мусулмандарга Исламы үчүн берилип жаткан жаза-чараларда чектен чыгып бара жаткан өкмөт жана орган кызматкерлеринин зулумдарын көрбөй жатышат. Аныгыраагы көрүп туруп, чара көрүүнү каалабай жатышат.

Президент да, прокуратура жана өкмөт да бул иштерди коркпостон кылып жатканына караганда, демек, эл аралык саясаттагы жетекчилердин өздөрү бул иштерге кеӊири жол ачып беришкен. Бул тууралуу жакында Санкт-Петербургда болуп өткөн форумда Франциянын экс президенти Саркозинин билдирүүсүнөн ачыкталды. Ал душмандыкка толгон докладында: “Биз мусулмандардын пикирлеринен келип чыгып жаткан дүйнө караштарга каршыбыз. Ушундай болуп туруп, аларды башка туткундар менен бирге кармап турушубуз мүмкүн эмес. Аларды өзүнчө, атайын камералар көзөмөлүндө жана жандуу тыӊчылар менен катуураак режимде кармоо керек”, – деди.

Демек, мусулмандарга зулум дүйнөлүк куфр системасынын багыттоосу жана көрсөтмөлөрү негизинде болуп жатат. Алар өздөрүнүн идеологиясынан баш тартып, ар кандай эркиндиктерди тебелеп-тепсей башташты. Илгери бул иштерди жашыруун кылышып, жасалма болсо да мусулмандардын ишеним жана пикирий эркиндиктерин тан алып жаткандай болуп көрүнүшөт эле. Эми куфр дүйнөсү мусулмандарга каршы ачык күрөш майданына чыкты. Өз малайлары болгон мусулмандарды да куфр позицияларын ачык коргоого үндөп жатышат. Мындай мусулмандарды алар “мээлүүн исламчылар” деп аташты.

Кыргызстанга Меркел келгенде да бул проблема көтөрүлбөдү. Меркел Атамбаевге “мээлүүн исламчыларды этият кылуу керек” деген гана кеӊешти берди. Бирок, мазлум мусулмандарчы, ал тургай кылмышкер адамдардын да акы-укуктары болот го.

Атамбаев күн өткөн сайын мусулмандар менен болгон мамилесин бузуп бара жатат. Бул нерсе ал үчүн өтө жаман натыйжаларды алып келиши мүмкүн. Анын камактагы мусулмандарга каршы кылган ишин, азырынча бирер куфр өлкөсү да кыла элек. Кыргыз бийлиги мусулмандарды угуудан баш тартууда. Бул болсо, мамлекеттүүлүк жок болуп бара жатканына ишара кылат. Себеби, мамлекет өз жарандары үчүн бирдей мамиле кылышы керек. Булар болсо, ал тургай түрмөдөгү туткундарды да бирдей шартта кармай алышпайт. Соттун чечими бардыгы үчүн бирдей болуп туруп да, алардын кээ бирлерин башка режимде кармап келе жатышат. 90% мусулмандарга жетекчи болуп турган саясатчынын мусулмандардын акы-укуктарын тебелеп-тепсеши о.э. аларды жана алардын баалуулуктарын жаман көрүшү бул жетекчинин жетекчиликке татыктуу эместигин билдирет.

Абдураззак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here