Тажикстанда Эмомали Рахмонго сыйынуу

305
0

Тажикстанда Эмомали Рахмонго сыйынуу

 Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында “Азаттык” радиосу кабарлагандай, Хисор районунун кыз-келиндер комитети 60 жаштардагы активист аялдардын тизмесин түзгөн. Бул аялдар 200 метр кездемени бөлүштүрүшү керек болчу. Бул кездемени Эмомали Рахмон Хисор районуна барганда анын бут астына төшөө үчүн даярдашкан. Ал бут астына төшөлүүчү 200 метрлик кездемени тигүү үчүн ар бир аялга 3 метрден бөлүп берүүнү чиновниктерге жүктөгөн.

Эскертип өтөбүз, Эмомали Рахмон “Улут көсөмү” деп жарыя кылынгандан кийин мамлекетте, айрыкча чиновниктер арасында аны улуулоо кампаниясы башталды. Мисалы, мамлекеттеги белгилүү адамдардын бири, дин иштери боюнча адис Абдулло Мухаккик президенттин жубайы Азизамону мусулмандардын энеси деп аталган Айша энебизге салыштырып, Тажикстан аялдарынын көсөмү деп атоону сунуштады. Тажикстан улуттук университетинин кээ бир факультеттерине “Эмомали Рахмон – жаңы тажик мамлекетинин негиздөөчүсү” деп аталган жаңы курс кошулду.

Эмомали Рахмондун кандай мамлекет башчы экендиги анын 23-жылдык башкарууда кандай утуштарга жетишкенине карай бааланат. Тажикстан бүгүнкү күндө Евразиянын эӊ жакыр мамлекети болуп эсептелет. БУУнун 2012-жылдагы эсептөөлөрүнө ылайык, Тажикстан калкынын жарымынан көбү жакырчылыкта жашайт. Карнеги фондунун изилдөөсү боюнча, калктын негизги бөлүгү эмгек мигрантына айланган. Эл аралык банктын эсептөөсү боюнча, 2012-жылдагы акча которуулар улуттук ИДПнын жарымынан көбүн түзгөн.

АКШнын эл аралык өнүгүү агенттигинин маалыматтары боюнча, 30% калктын абалы оор. Айрыкча, балагатка жетпегендерге өтө кыйын болуп жатат. 5-жашка чейинки балдардын 12%ы салмактын жетишпестигинен, 26%ы болсо бою өспөй калуудан жана тамак-аш жетишпестигинен кыйналууда. БУУнун маалыматтарына ылайык, билим берүү деңгээли 88-91-орундарда турат.

Тажикстан калкы биринчи кезекте мусулмандар. Алар эӊ оболу мамлекет башчыны өзүн-өзү улуулап жатканы үчүн жаман көрүшү керек. Исламга ылайык, аким – бул карапайым жаран. Мисалы, адилеттүү халифа Умар ибн ал-Хаттаб өтө чоӊ бийликке ээ болушуна карабастан, ушунчалык жупуну жашап өткөн дейсиӊ, Византия империясынын элчиси Мадинага келип, момундар амиринин сарайы кайсы жерде экендигин сураганда, адамдар ага амирдин сарайы жоктугун айтышкан.

Мындай учурда анын мечитте дем алышын, себеби түнкүсүн шаардын көчөлөрүн айланып, анын калкы туурасында кам көрө тургандыгын айтышкан. Атын укканда император жана королдор титиреген амирдин мындай жупуну жашоосу Византиялык элчини аябай таӊ калтырган. Ал мечитке барып кумдун үстүндө уктап жаткан адамды көргөндө, таӊ калгандыгынан катып калган.

Залим президент Эмомали Рахмон болсо мамлекетти адам тарабынан ойлоп табылган мыйзамдар менен башкарууда о.э. куфр мамлекеттерине кошомат кылып бул мекенге кыянат кылды. Ал Ислам жана исламдан болгон бардык нерселерге ачык эле күрөшүп жатат. Анын мыйзамынан Аллахтын мыйзамын бийик койгондугу үчүн мусулмандарды камакка алып, кыйноолорду колдонуп жатат.

Ошондуктан да анын тарыхтагы орду о.э. бийликтеги жылдары регион тарыхынын эӊ кара жана эӊ шерменделүү барактарында жазылып калат.

Умар Фарсий.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here