Иран: Биз болбосок АКШ Афганистанга кире алмак эмес
Ирандын диний жетекчиси Аятолла Али Хаменеинин башкы кеңешчиси Али Акбар Велаяти АКШнын Афганистан жана Иракка бастырып киришинде Ирандын ролу тууралуу кээ бир маалыматтарды ачыктады. Велаятинин айтымында, эгерде Иран болбогондо АКШ Афганистанга кире албайт болчу.
“Иран ошол кезде БУУ байрагы астында АКШ менен биргеликте Талибанга каршы күрөш алып барды. АКШ-Иран ортосундагы сүйлөшүүлөрдү ошол кездеги биздин БУУдагы туруктуу өкүлүбүз (учурда Ирандын Тышкы иштер министри) Мухаммад Жавад жүргүзгөн эле. Ал кезде биз Панжшер өрөөнүндө талибдерге каршы Ахмад Шах Масудду колдоп-кубаттайт элек. Афганистандын чоӊ бөлүгү Талибандын көзөмөлүндө болчу. Мындай шартта Иран болбосо америкалыктар Афганистанга кире алышпайт эле. Алар Афганистанга киргенге чейин ортодогу сүйлөшүүлөрдөн пайдаланды. Бирок, Афганистанга кирип алгандан кийин Иранды үч коркунучтуу мамлекеттин бири катары көрсөтүштү”, – деди Велаяти.
Велаятинин айтымында, Саддам Хусайн кулагандан кийин да, Иракта коопсуздукту орнотууга салым кошуу максатында Иран менен АКШ ортосунда сүйлөшүүлөр болгон. Бирок, америкалыктар бул сүйлөшүүлөргө амал кылбай, дагы кайрадан өз жолун улантышкан.
“Америкалыктар алгач Ирандын атомдук укуктарын тан алып, санкцияларды жокко чыгаруу тууралуу кабарлашты. Барак Обаманын Иранга жөнөткөн каты буларды камтыйт эле. Бирок, кийинчерээк алар айткандарын аткарышпады”, – деди Хаменеинин башкы кеңешчиси.
Велаятинин билдиришинче, диний лидер Хаменеи расмийлер менен болгон акыркы жолугушуусунда Иран келишимге ишенимдүү туруп, каршы тарап (АКШ) койгон милдеттерди аткаргандыгын билдирген.
Туркистон:
Исламды чүмбөт кылып алган мамлекет башчылары кандай гана төмөндөп бара жатышат. Иран, Саудия, Түркия…. сыяктуу “исламий мамлекеттер” деп таанылган мамлекеттердин жетекчилиги акыркы кездерде чыныгы жүзүн көрсөтө башташты. Алар куфрга пайда келтирүү иштеринде атаандашып жатышат!
Мурда Иран жетекчилиги баш болуп, жалгандан болсо да: “Америкага өлүм. Аллаху акбар”, – деп акцияларды уюштуруп турушат эле. Чыккынчы Велаятинин сөздөрү чын болсо, Иран өкмөтү баш болуп Америкага өлүм деп кыйкырып жаткан бир учурда, мамлекет жетекчилиги Америка менен жакындан кызматташат экен.
Хизб ут-Тахрир исламий революцияга чейин да, андан кийин да “Иран эл аралык куфр системасы менен өнөктөш” деп айтып келет. Алар адамдарды алдамакчы болушту. Бирок, Аллах алардын ичиндеги куфрларын жана жашыруун кылып жаткан арам иштерин ачып таштоону каалады.
Куфр негизине курулган эл аралык система бузулуп бара жатат. Анда куфр дүйнөсү өзүнүн стратегиялык багыттарын өзгөртө баштады. Куфр колонизаторлору мурда исламий өлкөлөрдүн жетекчилигин пайдаланып, мамлекеттерге куфр саясатын, сакафатын жана экономикалык системасын ошол жетекчилердин колу менен алып киришет эле. Ошондуктан, бул кыянатчы жетекчилер өздөрүн Ислам сакчылары кылып көрсөтүшөт эле. Себеби, мусулмандардан турган өз калкын чалгытып туруу үчүн аларга жасалма болсо да исламий аброй керек эле. Азыркы куфр стратегиясы боюнча, эми бул жасалма саясатчыларга муктаждык калбады. Куфр Исламга каршы ачык майданга чыкты. Ал Ислам дүйнөсүндөгү өнөктөштөрүнөн куфрду коргоо үчүн ачык аракет кылууну талап кыла баштады. Бүтүндөй мал-дүйнөсүн, керек болсо үй-бүлө, балдарына чейин аларга байлап алган бул жетекчилерибиз эки оттун арасында калышты. Алар куфрду ачык эле алкыштай башташты.
Кыргызстан бийлиги да куфрду ачык эле коргоп келет. Эми бийлик Кыргызстандагы диний катмарды да өзүнөн өрнөк алууга мажбурлай баштады. Кээ бир имамдар арамды адал кылган фатваларды чыгарып жатышат. “Амирге итаат кылуу важиб” деген шылтоо менен бир катар арам амалдарга жол ачууга аракет кылып жатышат.
Амир – бул Аллахтын жердеги өкүмдөрүн аткарып жаткан адам. Амирде өз каалоосу менен өкүм кылуу ыктыяры жок. Ошондуктан, ар кандай амир ачык арамга буйруганда ага итаат кылынбайт. Муфтият амирлик эмес. Анда эч кандай ыйгарым-укук жок. Амир учурдагы бийлигибиз болушу мүмкүн. Бирок, анда шаръий мекеме да, идара да, саясат да жок. Өкмөтүбүз ар кандай исламий көрүнүштү өзүнөн алыстатат. Т.а. ал куфрун ачык-айкын кылат. Ал светттүүлүктү дааба кылып, Исламды да шаръий өкүмдөрдү да тан албайт. Ушул жерде: Шариятты четке каккан бийликке шаръий түрдө итаат кылуу важиб болушу мүмкүнбү? – деген суроо пайда болот. Албетте, жок! Ага мажбурий жана убактылуу итаат жаиз болуп, анда да шариятка тескери т.а. арам иштерге буйруса же фарздардан кайтарса итаат кылынбайт.
Муфтият да, улама жана имамдарыбыз да бул өкүмдөрдү жакшы билишет. Бирок, алардын кээ бирлеринин адамдан коркуусу, Аллахтан коркуу гарыйзасынан үстөм болуп кетүүдө. Биз аларды Аллахтын кудуретинен коркууга чакыра беребиз. Антпесе, биз да жогорудагы Иран саясатчысы сыяктуу күнөөкөр жана чыккынчы болуп, акыретте колдорубуз куруган абалда тирилип калышыбыз мүмкүн. Мындан Аллах сактасын.