Америкада расизм жаӊжалы күчөп жатат
АКШ полициясы кыска убакыттын ичинде жүздөгөн кара түстүү адамдарды атып өлтүрдү. Вашингтон Пост гезити полициянын зомбулуктары жөнүндө таркаткан маалыматтарга таянсак, 2016-жылы полиция тарабынан өлтүрүлгөн кара түстүү адамдардын саны 505ке жеткен.
Акыркы үч күндө эки кара түстүү адамды полициянын атып өлтүрүшү мамлекеттеги кара түстүүлөрдүн козголушуна себеп болду. Айрыкча, полициячылардын кара түстүү адамдарды атып өлтүрүп жатканы тартылган эки видео интернет аркылуу жайылып кеткенден кийин полицияга каршы нааразылыктар толкуну пайда болду. Видеоматериалдан полиция кызматкерлери эч кандай куралдуу каршылык көрсөтпөгөн кара түстүүлөргө удаама-удаа ок атып өлтүргөндүгүн жана акаарат кылып жаткандыгын көрүүгө болот. Ачууланган демонстранттар арасына кирип алган кээ бир куралдуу адамдар полицияга карата ок атып, натыйжада беш полиция кызматкери да өлгөндүгү айтылууда.
Юстиция министрлиги бул окуя боюнча тергөө ишин баштады. Бийликтегилер бул окуянын үстүнөн тергөө башталгандыгын жана ок аткан полиция кызматкери жумуштан алынгандыгын жарыя кылды.
Ак түстүү полиция кызматкерлеринин кара түстүүлөргө болгон мамилесине куралдуу каршылык көрсөтүлүшүнүн натыйжасында мамлекетте “жарандык согуш” чыгып кетет деген тынчсыздануулар пайда болду. Нью-Йорк Пост гезити да жогорудагы каршылык аракеттерин “жарандык согуш” деп сүрөттөдү.
Полиция тарабынан кара түстүү адамдардын өлтүрүлүшүнө Facebook тармагы аркылуу оюн билдирген президент Барак Обама, коопсуздук күчтөрү бул окуялар боюнча адилеттүү тергөө алып барарына ишене тургандыгын баса белгиледи.Обама полиция зомбулугу “олуттуу проблема” экендигине ишара кылып, бул юстиция түзүмүндөгү жалпы проблеманын бир бөлүгү болгону сыяктуу эле, коомчулуктун коопсуздук күчтөрүнө ишенбестигин көрсөтүп турат деди. Бирок Обаманын айтымында, анын бул проблемаларды тилге алышы, өмүрүн тобокелге салып жаткан полиция кызматкерлерин урматтоосуна тескери келбейт.
«Бул кара түстүүлөрдүн гана проблемасы эмес, бул латын америкалыктардын да проблемасы эмес. Бул баарыбыз ойлоп көрүшүбүз керек болгон бардык америкалыктардын проблемасы”, – деди НАТОнун саммитине катышуу үчүн Польшага барган президент Обама.
Россия Тышкы иштер министрлигинин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Константин Долгов бул иштер Далластагы окуяда бир нече кара түстүүлөрдү өлтүргөн полициячыларга жаза берилбегендиктен улам болуп жаткандыгын айтты.