Атамбаев экстремизмге (Исламга) каршы күрөштү дагы да күчөтүү туурасындагы мыйзамга кол койду

244
0

Атамбаев экстремизмге (Исламга) каршы күрөштү дагы да күчөтүү туурасындагы мыйзамга кол койду

 Кыргызстан “эгемендүүлүккө” жетишкенден бери үч президент алмашкандыгына карабастан, ушул кезге чейин Кыргызстанда тыюу салынган диний адабияттардын тизмеси жарыя кылынбады о.э. теологиялык (диний) экспертиза өткөрүү укугуна ээ болгон бирер мекеме түзүлбөдү. Мындай абалды расмий бийлик жана күч түзүмдөрү өздөрүнө жакпаган диндар адамга же исламий уюм мүчөлөрүнө, айрыкча, Хизб ут-Тахрир жигиттерине каршы пайдаланып келе жатышат.

 Кыргызстанда тыюу салынган адабияттардын тизмеси жок о.э. тыюу салынган адабияттар тизмеси расмий маалымат каражаттары аркылуу жарыя кылынган эмес. Бирок ошого карабастан, күч түзүмдөрү Ислам даъватын көтөрүп чыккан адамдардын үйлөрүнө рейддерди уюштуруп, алардын үйүнөн табылган Курани Карим, Хадистер топтому жана башка – өкмөттүн уруксаты менен басып чыгарылган болсо да – исламий адабияттарды расмий маалымат каражаттары аркылуу көрсөтүп, ал адамды айыбы далилденбей туруп жаманатты кылып жатышат.

 Теологиялык (диний) экспертиза өткөрүү болсо дин иштери боюнча комитетке же муфтият өкүлдөрүнө тапшырып коюлган. Алар болсо тинтүү учурунда табылган адабияттарды күч түзүмдөрүнүн каалоосуна карай экстремисттик же экстремисттик эмес деген тыянак чыгарып беришет. Мына ушундай шартта расмий өкмөт алгач мамлекеттин аймагында тыюу салынган адабияттар тизмесин басып чыгаруу жана теологиялык экспертиза өткөрүү укугуна ээ болгон бирер комитет түзүүнүн ордуна, экстремизмге (Исламга) каршы күрөштү күчөткөн мыйзамдарды кабыл алууда. Бул болсо,  күч түзүмдөрү үчүн мусулмандарга басым өткөрүп, алардан акча өндүрүүдө пайдалуу болууда.

 Кечээ күнү Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев дагы ушундай бир мыйзамга “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөш туурасында”гы мыйзамга кол койду. Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊеш 2016-жыл, 25-майда тастыктаган эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here