Кыргызстан Өзбекстан менен алакаларды бекемдөө ниетинде

261
0

 Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан менен алакаларды активдештирүү жана бекемдөө зарылдыгы туурасында билдирүү берген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыковду анын дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу кабыл алды

Премьер-министр бир катар тийиштүү тапшырмаларды берип, жаңы элчи өзүнүн иш тажрыйбасын келечекте Өзбекстан менен мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүгө жумшаарын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун 2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарындагы жолугушуусун эске алып, Өзбекстан менен бардык маанилүү багыттар боюнча кызматташууну активдештирүү жана коңшулук алаканы чыңдоо зарылдыгын белгиледи.

Тактап айтканда, премьер-министр эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөт аралык комиссиянын, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here