Россиялык туристтерди тоноду деп шектелген адамдар кармалды

279
0

Россиялык туристтерди тоноду деп шектелген адамдар кармалды

Туркистон:

Токмок шаарына жакын жерде өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырып Ысык-Көлгө бара жаткан туристтерди тоноп кеткен адамдар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Дмитрий жана Ирина Ребровдор майып баласын дарылоо максатында Ысык-Көлдөгү санаторийлердин бирине келе жатканда аларды милиция кызматкерлери тоноп кетишкендигин айтышкан.

Бул кылмыш иши боюнча эки милиция кызматкери кармалды. Кызык жери, алар эски дата менен милициядан чыгарылган кылып көрсөтүлүп жатышат. Бирок, Бишкек – Ысык-Көл жолу стратегиялык жол болуп эсептелет. Ал жолдон министирлер, депутаттар, ИИМ жетекчилери тынымсыз өтүп турушат. Бул жолдо ал тургай иштеп жаткан милиция кызматкерлери үчүн да атайын пост уюштуруу өтө кыйын. Мындан тышкары, буларга атайын бир кылмыштуу топ кол салган деп айтууга да болбойт, себеби, орусиялык үй-бүлө жанында өтө чоӊ өлчөмдөгү акчаны алып жүрө алышпайт.

Милиция кызматкерлеринин өздөрү ууру жана каракчылардан түзүлүп калууда. Өкмөт болсо Россиянын басымынан жана туристтер агымы азайып кетишинен коркуп, премьер-министрдин өзү бул ишти көзөмөлгө алды. Милиция кызматкерлерин болсо, мурдагы кызматкерлер деп тааныштырып жатышат.

Эгерде бул сыяктуу кылмышты бирер сакалы өсүп кеткен жаран кылганда эле, анда бардык исламий адамдарды Ысык-Көлдөн кууп чыгарышат болчу. Азыркы абалда болсо, тескерисинче, милициялар кылмыш кылгандыгына карабастан, Ысык-Көлдү милиция кызматкерлери менен толтуруп жиберишти. Милиция кызматкерлерине дагы да көбүрөөк ыйгарым-укуктарды берип, бул ууруларга адамдарды дагы да көбүрөөк тоноого шарт түзүп беришет.

Туристтик сезон башталганда узун көйнөк кийип, сакал коюп, адамдарды жакшылык кылууга, уурулук кылбастыкка чакырып жүргөн дааватчылардын ишмердүүлүгү токтотулат. Бул исламий көрүнүштөр Кыргызстанды орустар алдында уятка калтырат имиш. Россияда дааватчыларга тыюу салынгандыктан, бул даъватчыларды Ысык-Көлдүн айланасындагы шаар жана айылдардан четтетип турушат.

Милиция кызматкерлери үчүн болсо, алар уурулук жана каракчылык кылышса да, орустардан уялбайбыз. Себеби, бул ыпылас жашоо механизми бизге дал ушул орустардан мураска калган менталитет болуп эсептелет. Тескерисинче, милиция кызматкерлеринин  саны дагы да көбөйтүлөт. Эми бул орган кызматкерлерине жалаӊ гана өзүбүздүн жарандарды текшерүү жана куугунтуктоо боюнча катуу тапшырма берилет.

Коопсуздук комитетинин жакында эле болуп өткөн жыйынында ИИМге бир катар артыкчылыктар берилди. Бул тармактын кээ бир министрлери наркотика дүйнөсүнүн барондору экендиги айтылып келгендигине карабастан, президент наркотикалык заттардын соодасына каршы күрөшүүнү дал ушул ИИМге алып берди. Генпрокуратурадан болсо, алардын үстүнөн кылмыш ишин козгоо укугун алып койду.

Милиция кызматкерлери өкмөтүбүздү колго алып алдыбы, же өкмөт аларды күчөтүп, алардын колу менен авторитардык режим орнотуп алмакчы болуп жатабы,  белгисиз. Бирок, эки абал теӊ өтө жаман абалды т.а. карапайым адамдар үчүн кооптуу абалды алып келет. Буга кошуна болгон Өзбекстан жана Россиядагы абалдарды мисал келтирсек болот.

Биз ар бир даъватчы мусулман боордошубузду акыйкатка чакырып, алардан Россия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттерине көӊүл бурууну суранабыз. О.э. ал жердеги мусулмандар да бир убактарда кудум биздегидей болуп айла-амалдарга ишенип калгандыгын эскертебиз. Ал жактарда жамаатташтарыбыз жана боордошторубуз камалып, даъваттан тосуп коюлгандыгына караӊыз. Кыргызстанда да кудум ушундай долбоор башталды. Алар  силерди “ИГИШ, Хизб ут-Тахрирлерди жоготсок, силер кеӊири даъват кыласыӊар” деп алдап жатышат. Аллахка ант болсун, алар бул сөздөрү менен Өзбекстанда да мусулмандарды алдашкан. Каримов ал тургай Халифалык мамлекетин жарыя кыламын дегенге чейин барган. Натыйжасын болсо көрүп турасыӊар.

Мамлекеттерде ыйманий мухит турса, даъват жана мусулмандар азиз болуп турушат. Ыйманий мухит алсыраса, Ислам жана мусулмандар да алсырашат жана кор болуп бара беришет. Биз милиция кызматкерлерине ишенип “алар туура эмес мусулмандардан өлкөбүздү тазалап жатат” деп өзүбүздү алдабайлы! Куфр системасы мусулмандардан турган милиция кызматкерлерин да, биз сыяктуу диний даъват үстүндө турган диний адамдарды да чалгытып, пикирий жана материалдык жактан бири-бирибизге каршы күрөштүрүп, натыйжада ыйманий мухитибизди алсыратып жатышат. Бул болсо баарыбызга кыйроо алып келиши мүмкүн.

Мисалы, кечээги Айтты алдын-ала белгилөө арам экендигин билип туруп да, ага каршы дээрлик эч ким күрөшпөдү. Жаӊы жыл же нооруз арам дейбиз, бирок, аларга каршы дээрлик күрөшпөйбүз. Куфр болсо, орган кызматкерлери менен бизди ал тургай намаздан тосуп, арам убактарда намазга мажбурлай баштады. Себеби, арамга ыраазы болушубуз жана фарздарга кайдыгер болушубуз ыйманий мухитибиздин алсырап бара жаткандыгын билдирет.

Дал мына ушул иштер куфр менен Ислам ортосундагы чыныгы күрөш деп этибар кылынат. Т.а. бул күрөштөгү жеңиш исламий баалуулуктарыбыз менен куфр баалуулуктары коомубузду канчалык даражада ээлеп бара жатканы менен өлчөнөт. Исламий баалуулуктарыбыз анык. Бирок, исламдан тышкарыдагы шариятка тескери жана кайры исламий баалуулуктардын баары куфр баалуулуктарына кирет.

Ар бир мусулмандын – ал бирер-бир жамааттын өкүлү катарыбы, же жекече абалдабы айырмасыз – исламий баалуулуктарды кудум өзүнүн үй-бүлөсүн коргогондой коргошу важиб. О.э. куфр баалуулуктарына каршы да кайраттуулук менен, Пайгамбарыбыз (соллаллаху алайхи вассаллам) Меккеде буттарга жана бузукчулуктарга каршы кандай күрөшкөн болсо, кудум ошондой күрөшүүбүз фарз.

Аллахым, дилибиздеги бири-бирибизге болгон душмандыкты көтөргүн! Баарыбызды Ислам идеологиясы жана Пайгамбарыбыз с.а.в.дын сүннөтү негизинде бириктиргин! Бизге акты ак, батылды батыл деп ажырата турган дил бергин!!! Амиин.

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here