Кыргызстанда Рамазан айынын 29-күнү айт намаз окулду

312
0

Кыргызстанда Рамазан айынын 29күнү айт намаз окулду

Кыргыз бийлиги тарыхтагы Акаев менен Бакиевдин дагы бир катасын кайталады. Кыргызстандын качкын президенттери да Исламга кыянат кылып, өздөрү Аллахтан, өкүмдөрү болсо Аллахтын өкүмдөрүнөн үстөм экендигин көрсөтүп коймокчу болушуп, Рамазан айт намазын өз убагында окууга тоскоолдук кылышат эле.

Алар Рамазан айы 30 күн болот деп, 29 күн болушун четке кагышат эле. “Рамазандын 29 – күнү намаз окуп, айтты майрамдайбыз”, – деген мусулмандарды орган кызматкерлеринин күчү менен бастырып, аларды куугунтукташат эле. Атамбаевдин кол бала өкмөтү болсо, тескерисинче Рамазан айынын 30-күнүн четке какты. Булар да өздөрүнүн күчүн көрсөтүп коймокчу болуп, Аллахтын өкүмүнө каршы чыгууга батынышты. Бирок, азыркы өкмөттүн буйругу менен белгиленген айт майрамы миңдеген мусулмандардын фарз орозосун ачып жиберишине себеп болду. Алардын окуган айт намазы Рамазан күнүнө туура келип, айт күнү окулбаганы үчүн таркиважиб (важибди четке кагуу) болду. Бул бийликтин буйругунун натыйжасы мурункулардыкынан жаманыраак болду.

Түпкүлүгүндө, айтка карата мурунку бийликтин бузук пикирлери менен азыркы өкмөт кылган иштин дээрлик айырмасы жок. Экөө теӊ бир максатты көздөп жатышат. Т.а. Ислам жана мусулмандардын үстүндө өздөрүнүн таасирин жана күч-кубатын көрсөтүп коюшмакчы. Мындан тышкары, Исламга каршы күрөшүү үчүн куфр дүйнөсү берип жаткан каражаттарга отчёт берүү үчүн, исламий, шаръий өкүмдөргө тескери болгон иштерге мусулмандарды канчалык даражада моюн сундура алганын куфр кожоюндарына көрсөтүп коюшмакчы болушууда.

Аалымдарыбыз болсо, исламий баалуулуктарыбызды коргой албай жатканына уялбастан, тескерисинче, бул өкүмгө нааразы болгон бир катар мусулмандарды каралап жатышат. Орган кызматкерлери менен бирге бул мусулмандарга басым өткөрүп жана куугунтуктоо деӊгээлине чейин түшүү менен кордолуп бара жатышат. Өздөрүнүн чыккынчы жана коркок экендигин жашыруу жана актоо максатында: “Бул шариятта дурус болбогон иштерде муфтият гана жоопкер, биз итаат кылууга буюрулганбыз. Демек, биз күнөөкөр болбойбуз”, – деп айтып жатышат. Алар Абу Ханифа (имам Аъзам) рохматуллохи алайхтин: “Холикке күнөөкөр боло турган иште махлукка итаат кылынбайт”, – деген шаръий коидасын четке кагышты. Аалымдарыбыздын бирөө-жарымы муфтияттын бул кайры исламий өкүмү үчүн аны тергеп-тескей албады, билдирүү да бере алышпады. Себеби, муфтияттын артында орган кызматкерлери жана өкмөт турат. Алар жеӊилирээк жол таап, айыпты бул кайры исламий өкүмгө итаат кылуудан баш тарткан мусулмандарга оодарып, аларды каралоо иштерин күчөтүштү.

Аалымдарыбыз (Хаким өзүнүн «Мустадрак» китебинде риваят кылган) Пайгамбарыбыз с.а.в.дын:

«سَيِّدُ الشُّهَدَاءِ حَمْزَةُ بْنُ عَبْدِ الْمُطَّلِبِ وَرَجُلٌ قَامَ إِلَى إِمَامٍ جَائِرٍ فَأَمَرَهُ وَنَهَاهُ فَقَتَلَهُ»

 «Шейиттер саййиди Хамза ибн Абулмутталиб о.э. залим имамга каршы туруп ага амри маъруф жана нахий мункар кылганы үчүн өлтүрүлгөн киши», – деген хадисине, убадасына ишене алышпады. Бирок, ушул жолдо жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпой, шейиттер саййиди Хамза р.а.нун даражасынан үмүттөнүп, куфрга тик туруп келе жаткан мусулмандарды, жок эле дегенде, тынч койбой жатышат. Абу Саид ал-Худрийден риваят кылынган хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в.):

«مَنْ رَأَى مِنْكُمْ مُنْكَرًا فَلْيُغَيِّرْهُ بِيَدِهِ فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِلِسَانِهِ فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِقَلْبِهِ وَذَلِكَ أَضْعَفُ الإيمَانِ»

«Силерден ким бир мункарды көрсө, аны колу менен өзгөртсүн. Эгерде буга кудуреттүү болбосо, тили менен өзгөртсүн, буга да кудуреттүү болбосо, дили менен өзгөртсүн. Бул (дили менен өзгөртүү) ыймандын алсызы», – деген.

Мусулман боордоштор, Аллахтын алдында эч кандай хужжатсыз, ыймансыз тирилип калуудан этият бололу. Себеби, биз өзүбүздүн жана башкалардын үстүнөн тилибиз менен айтып жүргөн калиманын негизинде өкүм чыгаруууга буюрулганбыз. Бирок, Аллах ар бирибиздин дилибиздегини билүүчү жана өкүм кылуучу Зат. Куфрдан коркуп же андан үмүттөнүп ыйманыбызды жокко чыгарып албайлы. Аалымдарыбыз биздин жолбашчыларыбыз болуп, аларга бизди хидаятты көздөй жетектөө важиб. Биз болсо, алардын этегин бекем кармап, алардан кадыржам болуп, рисалатты көздөй ээрчип барышыбыз керек. Аалымдар залалатты бизге хидаят деп көрсөтө башташса, артында бара жаткандардын бардыгы күнөөкөр болушса, ээрчигендердин саны канча болсо ошончо күнөөкөр болушат. Ыйманыӊарды куфрга күрөөгө койбогула!! Аларга таянуу менен өз боордошторуӊарды адаштырып, өзүӊөрдү кыйроого алып барбагыла! Акыйкатты билип туруп, андан жүз үйрүбөгүлө! Бул силер үчүн кордук гана алып келет! Мындан Аллах сактасын.

Хизб-ут Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

05.07.2016.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here