Тарыхты туура түшүнүү жолу

587
0
old paper canvas texture grunge background

Тарыхты туура түшүнүү жолу

Тарых келечекти карай саламат кадам таштоо үчүн абдан маанилүү. Айрыкча, Исламдын келечеги үчүн тарыхыбызды билүүбүз зарыл. Анткени, тарых үммөттүн эс-тутуму, зээни сыяктуу. Эгер мусулмандар өз тарыхын билбесе, же тарыхын көңүл коюп изилдебесе башка адамдар менен болгон алакасында кыйынчылык чегет. А түгүл, душмандары тарабынан таңууланган тарыхый маалыматтарды кабыл алууга мажбур болот. Натыйжада, досун душман, душманын дос катары билип калат. Ошондуктан, тарыхый китептердин баарын эле булак катары алууга болбойт. Айрыкча, каапырлардан тарыхты үйрөнүү такыр мүмкүн эмес. А бирок, мусулмандар өз тарыхыбызды каапырлардан, алар түзүп берген таалим программасынан окуй турган болуп калдык.

Маселен, Кыргызстан тарыхында Орус колонизаторлорунун баскынчылыгына каршы күрөшкөн мусулмандар басмачылар катары эл душманы көрсөтүлгөн. Турмуш чындыгында болсо, басмачылар каапыр колонизаторлордун кыргындарына каршы күрөшкөн мусулмандардын кыймылы болгон. Алардын айрым жетекчилери Усманий халифанын аскер жетекчилери менен байланышта болуп турушкан. Басмачылар партизандык согушту мыкты өздөштүргөндүктөн, совет бийлигин оор абалга кептеген.

Ал эми, Исламдын Орто Азияга келиши араб баскынчылыгы катары окутулуп келет. Арабдарга болсо усманий халифалар зулумдук кылган, байлыктарын талап-тоногон заалим падышалар катары окутулууда. Азыр да усманийлерди өз жерлерин басып алган баскынчылар сыяктуу окутушат.

Тарыхты бизге үйрөтүлгөндөй эмес, адилеттик менен изилдей турган болсок, Усманий халифалык Анадолуда кандай шарттарды түзгөн болсо бардык Ислам жерлерине да ошол шартты түзүүгө аракет кылганын көрүүгө болот. Маселен, кербен жолдорундагы конок үйлөр мусулмандар жашаган ар бир аймактан көрүүгө болот. Бул үйлөрдө мусаапырлар үчүн акысыз тамак жана эс алуучу жайлар камсыздалган. Анын чыгымы зекетке берилген каражаттан камсыздалган. Зекет түрктөрдөн канча өлчөмдө алынса, башка калктардан да ошол өлчөмдө гана алынган.

А түгүл, оорулуу мамлекет атыккан султан Абдулхамиддин учурунда да мамлекет карызга баткан абалына карабай, Истамбулдан Хижазга чейин темир жол куруу долбоорун баштаган. Бул жолду куруудан бирден-бир максат аймактагы мусулмандардын алакасын бекемдөө болгон. Дал ушул Абдулхамидге жөөттөр жамааты келип, мамлекеттин тышкы карызын жабуу каршысында ыйык Палестина жерин сураганда, тарыхта алтын тамгалар менен кала турган ушул жоопту берген: “Аллага ант болсун! Менин денемди майдалап кескилесеңер, Ислам жеринен бир карыш жер бергенден азыраак азап берет. Мен тирүү кезимде буга уруксат бербейм!”. А бирок, учурда отуздан ашык араб өлкөлөрү, 300 млн араб калкы Палестина жери 7 айдан бери кыргынга алынып жатса да ага каршы кадам таштай алышпады. Мусулмандардын мындай абалга кептелишине колонизаторлор Ислам жерлерин басып алган соң, бизге тарыхыбызды өз кызыкчылыктарына ылайык жазгандыгы чоң салым кошту.

Колонизаторлор кудум арабдарга усманийлерди баскынчы кылып окуткандай, түрктөргө арабдарды аркадан бычак сайган кыянатчы катары окутушту. А бирок, Истамбулду топтошкон колонизаторлордон коргогон Чанаккале согушунда бүткүл араб-ажам жоокерлери Ислам үммөтүнүн борборун коргоо үчүн агылып келишкен эле. Натыйжада, колонизаторлордон каны, жанын аябай Истамбулду коргошту. Мына ушундайча тарыхты текшербей кабыл алуу 1300 жыл бою бир тууган болуп жашаган калктарды душман көрсөтүп келүүдө.

         Дагы кошумчалай турган болсок, бизге Ортоңку кылым деп аталган 500-жылдан 1500-жылга чейинки мезгил караңгылык доору катары окутулуп келет. Түпкүлүгүндө, бул доор Европа коому үчүн караңгылык доор болгон. Алардын мончо, ажатканадан кабарсыз караңгылык жашоосунун мусулман коому үчүн эч кандай алакасы жок. Анткени, Ислам коому бул доордо адамзаттын акыркы пайгамбары Мухаммад (с.а.в) менен нурданган. Ислам цивилизациясы аны кабыл алган коомдорду бардык тараптан жогорку деңгээлге көтөргөн. А бирок, учурда европалыктардын Ортоңку кылым тууралуу айткандары тарых катары үйрөтүлүүдө. Ошондуктан, мусулмандар адамдарды Исламий жашоого чакырган чакта “караңгылык доорго кайталыбы?” дешүүдө.

Акыйкатта, Ислам тарыхы орто кылымдагы адилеттиги менен белгилүү. Өзүнүн 3 жылдан аз убакыт башкаруусунда зекет бере турган адам калбай калган деңгээлде мамлекетти өнүктүргөн Умар ибн Абдулазиздин бир окуясын мисал келтирели. Белгилүү болгондой, Хоросан, Фергана аймагына Ислам Кутайба ибн Муслим кол башчылыгында жетип келген. Самарканд шаарынын тургундары Исламды кабыл алгандан кийин фикхий маселеде суроо туулуп, Умар ибн Абдулазизге Кутайба ибн Муслимдин үстүнөн арызданып өкүл жөнөтүшөт. Алардын арызы Кутайбанын Исламды, жизяны же согушту сунуш кылбастан шаарга армиясы менен кирип келүүсүнө байланыштуу эле. Анткени, Исламда согуш аркылуу Исламды кабыл алгандар менен келишим аркылуу кабыл алгандардын жерди иштетүү макамы башка болот. Ошондо, халифа өкүлдөрдүн арызын уккан соң Самарканд шаарынын казысына кат жазып, окуя териштирилип, арыздангандардын айтканы чын болсо Ислам аскерлеринин баары шаардан чыгып кетүүсүн буюрат. Казы окуяны териштирип, Кутайбанын намаз окуу шылтоосу менен шарий өкүмдү бузуп шаарга киргенин аныктады жана аскерлерди шаарды таштап чыгууга буюрду. Ошентип, Ислам шаар тургундарына кайра башынан сунуштала турган болду. Ооба, Ислам тарыхы мындай адилеттик таразасы менен колдонулган окуяларга толуп-ташат.

Каапырлар бизге өз дүйнө карашы менен карагандыктан, ислам халифаларынын узак жылдар бою мамлекетти башкаруусун монархия же диктаторлук катары окутушат. Негизи, мусулмандар намаз окууну Пайгамбар (с.а.в)дан өрнөк кылып алгандай эле, мамлекетти башкарууда да Ал затты өрнөк кылабыз. Ошондуктан, хулафаи рошидиндерден тарта Усманий халифалардын акырына чейинки халифалар өмүрүнүн аягына чейин мамлекетти башкарышкан. Буга сахабалар да, эч бир мусулман жамааты да каршы чыккан эмес. Бул жетекчилер Исламды колдонуудан баш тартканда же бузуп колдонушканда гана мусулмандар каршы чыгышкан.

О.э Исламда тарыхый доорлор каапырлар айткандай эволюциялык жол менен бир кылка уланбайт. Учурда тарыхчылар адамзат доору светтик башкаруу менен гана улана тургандай маалыматтарды таңуулашууда. Ал эми, Исламда тескерисинче, Алла Таала Куранда айткандай доорлор айланып, күндөр өзгөрүп турат. Алла Таала айтат:

“Биз бул күндөрдү (жеңүү жана жеңилүү күндөрүн) адамдар арасында айландырып турабыз” (Аали Имран: 140).

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here