Жети айдын ичинде алты жолу террордук чабуул

272
0

Түркияда жети айдын ичинде алты жолу террордук чабуул жүз берди. Булардын эң акыркысы кечээ күнү мубарак рамазан айында “Ататүрк” аэропортунда ишке ашырылды. Ондогон адамдар өлүп, жүздөгөн адамдар жараат алышты.

Түркиянын премьер-министри Бинали Йилдирим террордук чабуулду ИШИМдин адамдары ишке ашыргандыгын билдирди.

“Коопсуздук күчтөрүбүздүн иликтөөлөрү террордук чабуул ИШИМ тарабынан уюштурулгандыгын көрсөтүп жатат. Далилдер ИШИМге барып такалса да, бул жаатта иликтөөлөр уланууда”, – деди премьер-министр Йилдирим.

Түркия аэропортундагы чабуулдардан бир күн мурда АКШ мамлекеттик департаменти өз жарандарын Стамбулга сапар кылуудан эскерткен эле. Бирок, АКШ тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген билдирүүдө айтылышынча, АКШ бул чабуулдардан кабардар болгон эмес, анын эскертүүсү кокустан дал келип калган.

“Ушул күндөрдө жүз бере турган же көӊүлдү бура турган окуялар тууралуу разведкалык маалыматыбыз жок эле. Мындай маалыматка ээ болгондо албетте Түркия өкмөтүнө кабар берет элек”, – деди АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер.

Учурда ЦРУнун башчысы Жон Вреннан 30 чакты ИШИМге таандык куралдуу адамдар Түркияга жиберилгендигин айтып жатат. Түркия аэропортунда жүз берген жардыруудан кийин АКШнын “NBC” каналына интервью берген Бреннан ИШИМ өзүнүн адамдарын Түркияга жибергендигин билдирди.

Туркистон: 

Эрдоган атып түшүрүлгөн аскерий учакта курман болгон учкучтар үчүн орус калкынан кечирим сурады. Анын бул аракеттерин туристтик сезондун башталышына байланыштыргандар да болду. Себеби, Түркияга туризмден түшүүчү кирешенин көпчүлүк бөлүгү россиялык туристтерден түшөт эле.

Бирок, Эрдогандын Путинден кечирим сурашынын себеби туризм проблемасында эле эмес. Ал Израиль менен да алакасын жакшыртууга тынымсыз аракет кылып жатат. Эрдоган Түркияда ишке ашырып жаткан исламий мухит менен башкарууну, аныгыраагы исламий түс берилген светтик башкаруу принцибин сактап кала албай жатат. Бир катар Батыш мамлекеттери Эрдогандын бул башкаруу системасынын натыйжасынан кооптоно башташты. О.э. бул исламий чүмбөт астында башкаруу системасын өзгөртүү үчүн иш-чаралар жана шарттар пайда кылынып жатат.

Түркияда террордук операциялардын арты үзүлбөй калды. “Россия ТВ” телеканалынын акыркы Стамбул аеропортундагы жардыруу боюнча таркаткан маалыматтарына ылайык, түрк өкмөтүнүн бул жардырууну дагы кайрадан күрттөргө жабыштырышы туура болбойт. Аны исламий радикалдар уюштуруп жатышат деген маанидеги кабарлар таркатылды. Кызык жери, бул кабарлар жардыруу жүз берген күнү эле башталды. Эч кандай текшерүү иштери башталбай туруп, Эрдоганга айыпты кимге оодаруу керектиги тууралуу кеӊеш берилди.

Ушул жана буга чейин ишке ашырылган бир катар жардыруу иштеринин бардыгында албетте тышкы куфр күчтөрүнүн таасири жана түздөн-түз тиешеси бар. Бул операциялардын бардыгы бир максатты көздөй бир план негизинде ишке ашырылып жаткандыгы белгилүү. Бул план, Эрдогандын режимин кулатуу же анын өзүн ички исламий мухитке каршы аракеттенүүгө мажбур кылуу максатына каратылган. Эрдогандын Россия жана Израиль менен алаканы жакшыртып бара жаткан саясаты болсо, ал да куфрдун ушул долбоор кербенине кошулуп  бара жатканын көрсөтүп турат. Себеби, анын бул аракеттери дүйнөдөгү мусулмандардын ачуусун козгойт. Бул болсо, жардыруу иштерин алар жүктөп жиберүү үчүн ыңгайлуу абалдарды пайда кылышы мүмкүн.

Эрдоган да, Батыш колонизаторлору да, түрк улутунун көпчүлүгүндө мусулмандарга каршы душмандык жана терс мамиле пайда болушун күтүп жатышат. Эрдоган бул абалдарды күрт улутуна каршы жек көрүү пайда кылуу үчүн иштетмекчи болууда. Бирок, бул нерсе колунан келбей жатат. Себеби, кырдаал жана жардыруу иши анын көзөмөлүндө эмес. Куфр дүйнөсү бул жардыруу иштерин каалаганча улантышы мүмкүн.

Эрдоган кыйын абалда калды. Ал мусулмандарга таянып, “бул жардыруу иштерин мага басым өткөрүү үчүн куфр дүйнөсү ишке ашырып жатат” деп айта албай жатат. Бирок, куфрга таянып, “бул иштер мусулмандар тарабынан ишке ашырылып жатат” деп, Ислам жана мусулмандарга каршы аракеттенүүнүн босогосунда туруп калды.

Россия болсо АКШнын чоӊ долбоорлоруна каршы бара албайт. Тескерисинче, алар менен биргеликте иш кылат. Россиянын күрттөрдү куралдантуусу, Түркия жана Европа Союзуна каршы Сириянын тынч калкын бомбалап, качкындарды көбөйтүп жатышы бул пикирибизге далил болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here