Путин дүйнөдөгү бардык проблемалардын чечими туурасындагы пикирлерин билдирди

256
0

 Россия президенти Владимир Путин РФнын чет өлкөлөрдөгү элчилери жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү астында сүйлөгөн сөзүндө “өз ара келишүү жана кызматташтыкка даяр туруу – дүйнөдөгү бардык проблемалардын чечими болуп кызмат кылат” деген пикирди билдирди.

 “Дал ушул кызматташтык, жалпы каалоо жана өз ара бир токтомго келүүгө даяр болуу – ар кандай татаал проблемалардын, алар жер шарынын кайсы чекитинде пайда болсо да, ачкычы болушу керек. Учурда, карама-каршылыктуу абалдар күчөп барууда. Экономикалык жана гуманитардык тармактардагы коопсуздукка байланыштуу коркунучтар жеӊилдебестен, тескерисинче күчөп жатат. Дүйнөнүн жаңы-жаңы региондорун камтып алууда. Кырдаалдын кооптуу түс алышын, алардын башкара алгыс даражада өнүгүшүн диалог жана өз ара кызматташтык негизинде жөнгө салууга болот деп ишенемин. Дүйнөлүк коомчулук болсо, дагы да адилеттүү болгон эл аралык тартипти калыптандырууга аракеттениши керек. Ал бир бүтүн жана бөлүнгүс коопсуздук эрежелери о.э. жалпы жоопкерчилик түшүнүктөрү негизинде иштелип чыгышы керек”,- деди Владимир Путин.

Туркистон:

Россия эл аралык саясатта жетекчи мамлекеттер катарынан чыгарып жиберилиши мүмкүн. Бул иш аны БУУнун Коопсуздук кеңешинен чыгарып жиберүү менен аяктайт.

Жогоруда Путин жетекчи мамлекеттерди эл аралык саясатта Россия менен кеӊешип иш кылууга чакырып жатат. О.э. ага каршы экономикалык жана саясий санкциялар да туура эмес деп айтмакчы болууда. Путин дүйнөлүк коомчулукту жана эл аралык саясатты Ислам дүйнөсү тарапка бурулууга о.э. бүт куфр дүйнөсүн ушул тарапка карай биргеликте аракет кылууга чакырып жатат.

Түркиядагы жардыруу иштеринин аягы үзүлбөй жатканына баарыбыз күбө болуп турабыз. Натыйжада, Россиядан Түркияга хижрат кылган Тагир Минибаев түрктөр тарабынан кармалды. Аны орустарга кайтарып берүү иштери жүрүп жатат жана бул акыркысы эмес. Эрдоган Путиндин алдында алсыздык кылды. Ал жүздөгөн мусулмандарды курман кылган жардыруу иштеринде орустардын колу бар экендигин билип туруп да, мазлум болгондуктан улам баш баанек издеп келген мухажир боордошторубузду орустарга берип жиберүүдө. Путин түрктөрдү Ислам жана мусулмандарга каршы багыттап жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here