Кыргызстанда Хизб-ут-Тахрирге каршы күрөштүн артынан муслималардын хижабына каршы компания да күчөп жатат

271
0

 Кыргызстанда Хизб-ут-Тахрирге каршы күрөштүн артынан муслималардын хижабына каршы компания да күчөп жатат

Кыргызстанда Батыш системасы колдоп-кубаттап келе жаткан уюмдар көбөйүп барууда. Алар президент айткандай, “кожоюндарынан алып  жаткан акчаларды актоо максатында катуу аракет кылууга мажбур”.

Акыркы кездерде Кыргызстанда Ислам мусулмандардын социалдык турмушуна кирип келиши күчөп барууда. Себеби, социалдык жашообузду исламдаштыруу ишинде Кыргызстан мусулмандары жана жамааттар пикирлеш. Бир да исламий кыймыл хижабды четке кага албайт.

Куфрга кошоматчы болгон бир катар мамлекеттик эмес уюмдар Кыргызстандагы муслималар арасында хижабдын кеӊири жайылышына каршы маалыматтык чабуул баштап жиберишти. Муфтият башчылык кылып келе жаткан Кыргызстан исламий системасы да бул чабуул алдында кандайдыр ыңгайсыз абалда калды. Алар ушул кезге чейин “өкмөт, маалымат каражаттары жана мамлекеттик эмес уюмдар “террорист, экстремист жана радикал” деп атап алышкан топтор менен күрөшүп жатат” деген түшүнүктө эле. “Ислам жана анын өкүмдөрү коомдо өнүгүшүнө алар каршы эмес”  деген үгүт жүргүзүп келишкен эле. Бирок , Батыш дүйнө карашын бизге алып кирүүдө негизги ролду ойноп жаткан бул куфр уюмдары эми чыныгы жүзүн көрсөтө башташты. Кыргызстандагы исламий жетекчи топ болсо түшүнүксүз абалда калды.

Кыргызстандагы исламий катмардын жетекчилери өздөрүнүн негизги кубаты болгон имамдар армиясын өз колу менен куфр тарбиясына жана алардын колуна тапшырып беришти. Куфр аларды “Ыйман” фонду жардамында Исламды жана анын баалуулуктарын коомубуздан сүрүп чыгаруу максатында пайдалануу үчүн даярдап жатат. Муслима эже-карындаштарыбызды маалымат каражаттары аркылуу акаарат кылып жатышат. Алардын исламий көрүнүштөрүн жерге уруп, коомчулукту өздөрү тарапка тартмакчы болуп жатышат. Имамдар армиясы болсо, ал тургай мечиттерде туруп бул теманы козгоого батына албай жатышат. Себеби, биз алардын арзыбаган стипендия алышына уруксат берүү менен материалдык эле эмес, моралдык жактан да куфр идеологиясынын даъватчыларына байлап бердик.

Бир катар муфтияттын өкүлдөрү жана кээ бир диний адамдар телевидение жана радио аркылуу эфирге чыгарылды. Бирок, бул журналисттик этиканы сактап туруу максатында гана, алардын (куфр идеологиясы тарапкерлеринин) басымдары астында уюштурулган теле көрсөтүүлөр болчу. Муфтияттын бир нече өкүлдөрү хижабды коргошту, бирок бул коргоо ыкмабыз өтө алсыз болуп бара жатат. Себеби, биз куфрга алданып, имамдарыбызды орган көзөмөлү жана куфр тарбиясы астына таштап койдук. Алар эми муфтияттын каттоосунда гана турушат. Аларды атайын кызматтын кызматкерлери өкмөттүн буйругу менен бирер тарапка багыттап турушат.

Мындан тышкары, биз куфрдун айла-амалдарына алданып, бири-бирибизди жаман көрө баштадык. Акыйкатта болсо, Аллах Таала бизди

وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمْ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ

“Зулум жолун туткан кимселерге берилип кетпегиле (ээрчибегиле). Антпесе, силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Аллахтан башка бирер дос жок. Кийин (т.а. залимдерди ээрчисеӊер) силерге жардам берилбейт”, – деп эскертүүдө.

Алар болсо маалымат каражаттарында ачык пропаганда иштерин жүргүзүү менен мусулмандар арасында душмандык пайда кылууну көздөп жатышат. Түпкүлүгүндө, алар бирер-бир исламий катмарга эле эмес, бардык мусулмандарга жана Исламга каршы долбоорлор негизинде кеӊири масштабда иш жүргүзүп жатышат.

Куфр уюмдары Бишкек шаарынын борборунда туруп, бир катар уятсыз жана куфрга үгүттөөчү конференцияларды жана бийлерди уюштурушту. Аларды өкмөт коргоого алып, милиция менен кайтарып турду. Муфтият баш болуп, бирер “хижабдан колуӊду тарт” деген же “жарым жылаӊач кийим кыргыз улутуна чоочун”  деген аталышта конференция уюштуруу үчүн уруксат алып көрсүнчү!

Бул күрөш Исламга, исламий идеологияга, исламий баалуулуктарга жана мусулмандарга каршы күрөш! Алар муну жүзү жоктук менен жашырышат жана биздин материалдык,рухий жакырчылыгыбыздан о.э. ач көздүгүбүздөн пайдаланып, бирибизди экинчи мусулманга кордотушат. Арабыздагы ыймандуу боордошторубузду ар түрдүү атамалар менен атап алышып, бизди ошол куфр атамаларына ишендирип же сатып алып, билген жана билбеген абалыбызда куфр кызыкчылыктарына иштетүүнү көздөшөт.

Биз Хизб ут-Тахрир исламий жамаатынын атынан мусулмандарды биримдикке, боордоштукка жана куфр идеологиясына каршы Ислам идеологиясы жардамында күрөшүүдө бирге болууга чакырабыз. Себеби бүгүнкү күндө, исламий жамааттар жана уламалар калыс исламий туйгулары менен “Ислам жана мусулмандарды коргоо үчүн куфр менен кызматташтыкта аракет кылуу керек” деген пикирде жүрүшөт. Бул ката пикир болушу менен бир катарда өтө кооптуу натыйжаларга да алып барышына күбө болуп жатабыз. Аллах Таала Куранда

وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ

“Яхудий жана насронийлер алардын динине кирмейинче эч качан сага ыраазы болушпайт”, деп жатат.

Ошондуктан, биз сиздерден Хизбдин куфрга каршы аракеттенүүчү ижтихадий сакафаты менен таанышып чыгууну суранабыз. Аны Пайгамбарыбыздын сүннөтүнө (тарыйкатына) туура келет деп тапсаӊыз, куфр идеологиясына каршы исламий идеология менен күрөшүүдө жардамчы болууга чакырабыз. Жашообуздун ар бир тармагында жана аракеттерибиздин ар биринде Ислам гана болушу керек. Исламдан тышкарыда Ислам жок. Исламдан тышкарыда куфр гана бар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here