Халифалык мамлекетиндеги таалим саясаты

349
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

Халифалык мамлекетиндеги таалим саясаты

Халифалык мамлекетинде таалим түзүмү программага негизделген таалимге тиешелүү шаръий өкүмдөр жана идарий мыйзамдар топтомунан түзүлөт. Таалимге тиешелүү шаръий өкүмдөр акыйдадан келип чыгып, шаръий далилдерге ээ. Мисалы, предметтик сабактар жөнүндөгү о.э. окуучу уул-кыздарды ажыратып, башка-башка окутуу жөнүндөгү шарият мыйзамдары сыяктуу. Таалимдеги идарий мыйзамдар болсо, жооптуу жетекчи таалим түзүмүн аткарууда жана ушул түзүмдөн көздөлгөн максатты жүзөгө чыгарууда керектүү деп тапкан мубах услуб жана васиталардан (каражаттардан) түзүлөт. Алар таалимдин жана үммөттүн негизги керектөөлөрүнө тиешелүү шаръий өкүмдөргө дал келе тургандай көрүнүштө өркүндөтүлүшү жана өзгөртүлүшү мүмкүн. О.э. аларда башка үммөттөр жетишкен мубах тажрыйбалар, маалыматтар жана изилдөөлөрдөн пайдалууга болот.

Шаръий өкүмдөр жана идарий мыйзамдар топтомунан түзүлгөн бул түзүмдө бир башкаруу жихазы керек болот. Бул башкаруу жихазы Халифалык мамлекетиндеги таалимдин негизги максатын жүзөгө чыгарат. Кыскача айтканда, исламий шахсиятты тарбиялап өстүрөт. Бул жихаз таалимдин бардык тараптарын башкарууну, уюштурууну, көзөмөлдөөнү өз колуна алат. Окутуу усулдарын белгилейт, татыктуу мугалимдерди тандайт, окуучулардын билим деңгээлинин өсүшүнө баш-көз болот, мектеп, институт жана университеттерди керектүү лабораториялар жана окуу каражаттары менен камсыздайт. Төмөндө биз Исламий Мамлекеттин конституция долбоору болгон «Мукаддама ад-дустур»дан алынган «Таалим саясаты»на тиешелүү беренелердин кээ бирлерин келтиребиз:

165-берене – Таалим программасынын негизи исламий акыйда болушу керек. Бардык окуу сабактары жана окутуу усулдары ушул негизден четке чыгып кетпегендей көрүнүштө иштелип чыгат.

166-берене – Таалим саясаты – бул исламий аклия жана исламий нафсияны жүзөгө келтирүү дегени. Ошондуктан, окутула турган бардык сабактар ушул саясат негизинде иштелип чыгат.

167-берене – Таалимден көздөлгөн максат – исламий шахсиятты жүзөгө келтирүү жана адамдарды турмуш иштерине тиешелүү илимдер жана билимдер менен байытуу. Ушуга ылайык, таалим ушул максатты жүзөгө чыгарууга багыттандырылып, ага алып барбай турган ар кандай жолго тыюу салынат…

169-берене – Таалимде математика сыяктуу фандар менен сакафий билимдер ортосундагы айырма этибарга алынышы керек. Фандар керегинче үйрөтүлө берет, маалым бир баскыч менен чектелбейт. Сакафий билимдер болсо башталгыч баскычтарда Ислам пикирлери жана өкүмдөрүнө тескери болбогон белгилүү бир саясат негизинде алынат. Жогорку баскычка өткөндөн кийин, таалим саясаты жана максатынан четке чыкпоо шарты менен фан катары алына берет.

170-берене – Исламий сакафат таалимдин бардык баскычтарында болушу керек. Жогорку баскычка көтөрүлгөн соң, медицина, инженерлик, табият таануучулук сыяктуу тармактарга адистештирилгендей, исламий билимдерди да ар түрдүү тармактарга адистештирүү керек.

171-берене – Фан жана өнөр жайлар бир жактан соодагерлик, дыйканчылык, кеме куруучулук сыяктуу илимге тиешелүү болсо, экинчи жактан сүрөтчүлүк, айкелчилик сыяктуу өзгөчө көз караш менен таасирленген фан жана өнөр жайлар сакафатка тиешелүү болот. Илимге тиешелүүсү эч бир чектөөсүз же шартсыз кабыл алына берет. Сакафатка тиешелүүлөрү Ислам көз карашына тескери келген убакта кабыл алынбайт.

172-берене – Таалим программасы бирөө болот. Мамлекеттик программадан башкасына уруксат берилбейт. Эгер мамлекеттик программага баш ийип, таалим планы негизинде иш алып барып, таалим саясаты жана максатын жүзөгө чыгарса, анда үй мектептерине да тыюу салынбайт. Болгону, бул мектептерде уул-кыздар аралаш окутулбашы, эркек жана аял мугалимдер аралаш иштебеши о.э. бул мектептер бир тайпа, дин, мазхаб, расага тиешелүү болуп калбашы шарт кылынат.

173-берене – Турмушта адам үчүн зарыл болгон таалимди башталгыч бачкычта да, кийинки баскычта да эркек жана аялга толугу менен берүү мамлекеттин милдети. Бул баскычтарда окутуу акысыз жүргүзүлөт. Жогорку таалим да мүмкүн болушунча жогору деңгээлде, бардыгы үчүн ыңгайлуу жана акысыз кылып берилет.

174-берене – Мамлекет фикх, усули фикх, хадис, тафсир, тафаккур, медицина, инженерлик, химия, ачылыштар жана ойлоп табуулар сыяктуу иштерге кызыгуучуларга ушул билимдер туурасындагы изилдөөлөрдү улантууларына мүмкүнчүлүк жаратып берүү үчүн мектептер жана жогорку окуу жайларынан башка жайларда да китепканалар, лабораториялар жана башка үйрөнүү каражаттарын даярдап берет. Анткени, үммөт арасында көп сандаган мужтахиддер, чыгармачыл жана ойлоп табарман адистер жетишип чыксын. (“Халифалык мамлекетиндеги таалим берүү программасынын негиздери” китебинен).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here