Улуу аалым шейх Ато ибн Халил Абу Роштанын Фейсбук тармагындагы колдонуучуларына жолдогон сөзү

269
0

Улуу аалым шейх Ато ибн Халил Абу Роштанын хижрий 1437-жыл, миладий 2016-жылдагы рамазан айы кирип келиши менен Фейсбук тармагындагы колдонуучуларына жолдогон сөзү

Аллахка мактоолор болсун, Расулуллах Aга, үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана ал зат менен дос болгондорго саламдар болсун, амма баъд:

Инсандар үчүн чыгарылган эң жакшы Үммөт болгон Исламий Үммөткө,

Кесип да, соода да Аллахтын зикринен бура албаган чыныгы эр кишилерге,

Ушул баракчанын урматтуу колдонуучуларына

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух!

Баарыңарга ушул улуу ай

شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنْزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِنَ الْهُدَى وَالْفُرْقَانِ

«Адамдар үчүн хидаят болуп, хидаят жана фуркан (акыйкат менен батылды ажыратуучу)нун ачык аяттары болуп Куръан түшүрүлгөн рамазан айы» [2:185]

менен куттуктаймын.

Аллах Субханахудан сураймын, бардык мусулмандардын орозолору жана кыямул лайлдарын кабыл аласын, ушул айды береке жана рошид Халифалык тикеленген нусрат ачкычына айлантсын, мунун натыйжасында Үммөт Укоб байрагы, Ла илаха иллаллах Мухаммадур Росулуллох роясы астында, кудум өтмүштөгүдөй, Роббиси менен күчтүү жана дини менен азиз улуу Үммөткө көтөрүлөт.

وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

«Ошол күндө момундар Аллах үстөм кылганы себептүү шаттанышат. (Аллах) Өзү каалаган кишини үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым Ээси» [30:4-5]

Сөзүмдү силерге салам жолдоо, дуба кылуу, Аллахтан баарыбыздын орозолорубузду жана киямул лайлдарыбызды кабыл алышын суроо менен бүтүрөмүн. Аллах Субханаху салихтерди дос тутат.

Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух

Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рошта                                                   1-рамазан, 1437-х.

                                                                                                                                         6-июнь, 2016-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here