Казакстанда куралдуу чабуулдар

256
0

 Казакстанда курчуп бара жаткан саясий окуялардан кийин, президент Нурсултан Назарбаев бийлигин бекемдеп алууга аракет кыла баштаган окшойт.

 Казакстанда “Жер кодексине” өзгөртүүлөр киргизилиши себептүү Актөбө, Семей жана Атырау шаарларында болуп өткөн нааразылык акцияларында жүздөгөн адамдар президенттин отставкасын талап кылып чыгышкан эле. Бирер жетекчи мамлекет ошол окуядан Назарбаевге каршы өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып калышы мүмкүн болгондуктан, Назарбаев мунун алдын алуу үчүн сыноодон өткөн ыкманы  т.а.“террористтердин куралдуу чабуулу” спектаклин дагы бир жолу “сахналаштырды”.

 Казакстан ИИМинин маалыматына ылайык, 5-июнь күнү Актөбө шаарынын 3 районунда ок атышуулар болду. Ок атышуулардын натыйжасында 3 адам өлүп, 10дон ашуун адам жарадар болгон. Кабар берилишинче, белгисиз адамдар курал сатылуучу дүкөнгө о.э. аскердик бөлүккө чабуул кылышкан.

 ИИмдин маалымат кызматынын өкүлү Алмас Садубаевдин билдиришинче, “Паллада” курал дүкөнүнө уюштурулган чабуулдун натыйжасында дүкөндүн сатуучусу өлтүрүлүп, бир киши жарадар болгон.

 О.э. аскердик бөлүккө уюштурулган чабуулдун натыйжасында бир офицер жана бир жоокер өлүп 9 аскер кызматчысы жарадар болгон.

 Шаардагы соода борборлору менен ири дүкөндөр жабылып, адамдар эвакуация кылынган. О.э. коомдук транспорттун кыймылы жана көӊүл ачуучу жайлардын иши токтотулган.

Казакстан ИИМинин маалыматына таянсак, чабуул кылгандардан 3 адам өлтүрүлүп, 1 киши колго түшүрүлгөн.

Кабарда: “Бир нече кылмышкер имараттын ичинде курчоодо калган, дагы бир тобу качып кетти. Аларды кармоо боюнча аракеттер жүрүп жатат”, – деп айтылат.

 Алдын ала маалыматтар боюнча, чабуул кылгандар диний экстремисттик топтун мүчөлөрү болушкан. Шаарда антитеррор операциялары режими киргизилген.

Туркистон: 

Ооба, бул Каримов уюштурган 1999-жылдагы 16-февраль, же 2005-жылдагы Андижан окуяларын эске түшүрүп жатат. Путиндин 1999-жылдагы Россия бойлоп бир нече террордук операцияларды уюштурганына да окшоп жатат. Назарбаевдин максаты да ошол кездеги Каримовдукундай болсо керек. Эгерде ошондой болгон болсо, мындан кийинки иштер төмөнкүдөй болот.

Назарбаев кудум Каримов сыяктуу исламий күчтөрдү шылтоолоп, оппозициядагылардын баарына согуш ачат. Колундагы бийликтен пайдаланып, өзгөчө кырдаал жарыя кылат. Ошол учурда өз жарандарын коркууда кармап туруу үчүн дагы бир нече террористтик операцияларды уюштурушу да мүмкүн. Назарбаев да Казакстанда өз режимин бекемдөө менен авторитардык башкаруу системасын күчөтүп бара берет. Жогорудагы операциялардын бардыгы оппозициялык пикирлерге чөйрө пайда кылып жаткан шарттарды жок кылуу үчүн ойлоп табылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here