Лавров Сирияда кыйын абалга түшүп калгандыгын билдирди

267
0

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Сирияда тынчтык орнотуу” үчүн Москва менен Вашингтон ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын билдирди.

“Спутник” маалымат агенттиги кабар беришинче, Россиянын жергиликтүү телеканалдарынын бири болгон “360 градусов Подмосковье” каналына интервью берген Лавров, кызуу уланып жаткан сүйлөшүүлөрдөн түрдүү келишимдер келип чыгышы тууралуу бир нерсе деп айтуу кыйын экендигин, себеби, Сирияда кыйын абалга дуушар болуп калгандыгын билдирди. Ошону менен бир катарда Лавров жихадий топторго каршы күрөштө дагы да катуу, натыйжалуу жана күчтүү чараларды көрүүнү биринчи орунга коюу зарыл экендигин айтып өттү.

Башка бир тараптан, АКШнын Сириядагы кээ бир муътадил оппозициячыларды абайлап-асыроого аракет кылып жаткандыгын да айтты. Россиянын тышкы иштер министри, Вашингтон Москвадан кээ бир аймактарга абадан сокку бербестикти талап кылгандыгын билдирди. Лавровдун айтымында, Вашингтон ал аймактарда орношуп алган муътадил (демократия тарапкери болгон) оппозиционерлердин чабуул астында калышынан тынчсызданууда.

“Бизге кээ бир аймактарга чабуул кылбастыгыбызды, себеби, ал жерде муътадил оппозиционерлер жайгашкандыгын айтышууда”, “Бирок, бул муътадил оппозициячылар террорчулар орношуп алган жерлерден чыгып кетиши керек. Бул жаатта бир топ убакыт мурда келишип алган элек”, – деди Лавров.

Россия тышкы иштер министри Сирия мужахиддерине каршы күрөшүп жаткан Батыш мамлекеттеринин негизги бөлүгү убакыт өтүп кете элегинде жихадий топторду жок кылуу керектигин моюнга алганын да кошумча кылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here