Путин: Эч качан Батышка моюн сунбаймын!

297
0

Россия президенти Владимир Путин өзүнүн экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Алексей Кудриндин айрым тармактарда Батышка моюн сунуу зарыл деген кеңешин катъий түрдө четке какты. Бул тууралуу “Ведомости” гезити кабарлады. Гезиттин жазышынча, Путин акыркы демине чейин Россия суверинитетин коргоого убада берген.

“Экономикалык өнүгүүнү колдоп-кубаттоо үчүн айрым тармактарда Батыштын талаптарына моюн сунуу зарыл деп эсептеген мурдагы финансы министри Кудрин геосаясий кескиндик абалын жеӊилдетүү тууралуу президентке кеӊеш берди. Кудриндин айтымында, геосаясий амбициялардын кээ бирлеринен баш тартуу технологиялык жана экономикалык тармактарда Батыш менен Россиянын ортосун ажыратып койгон боштукту азайтуу мүмкүчүлүгүн берет. Бирок, Путин мурдагы финансы министринин сунушун четке какты. Путиндин баса белгилешинче, Россия суверенитети туурасында Батыш менен соодалашуу мүмкүн эмес. Мейли, Россия экономикалык жана технологиялык жактан өнүккөн мамлекеттер катарында жүрүү үчүн иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан болсо да, Батышка көз каранды болбостугун билдирген Путин акыркы демине чейин Россия суверинитетин коргоого убада берди”, – деп жазат гезит.

Гезиттин жазышынча, президент Путин менен мурдагы финансы министри жана учурдагы экономикалык кеңешчи Кудрин ортосундагы талкуулар президентке караштуу экономикалык иштер боюнча кеӊештин жыйынында болуп өткөн.

Өз кезегинде Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Ведомости” гезитинде чыккан макаланы тастыктоодон же четке кагуудан баш тартты. Кеӊештин жыйынындагы талкуулар жабык эшиктер артында болуп өткөндүгүн айткан Песков эл аралык майданда конструктивдүү позицияга ээ болуу үчүн Путинге кеңеш берүүнүн зарылдыгы жок экендигин кошумчалады.

“Президент мындай кеңешсиз да келишпестиктерди жөнгө салууга, кызматташтыкты тереӊдетүүгө жана коопсуздукту бекемдөөгө каратылган саясатты ишке ашырып келүүдө. Муну билип туруп, президентке “эл аралык иштерде конструктивдүү позиция кармануу зарыл деген” кеңеш берүүнүн кереги жок”, – деди Песков.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here