Мусулман адам Ислам жана мусулмандардан коркушу мүмкүн эмес!

370
0

 «Azattyk» сайты 2-июнда журналист Рахат Кеңешованын “Чүмкөнгөндөр кыргыз  коомун чочулатты” деген макаласын жарыя кылды.

27-майда Ош шаарында Курманжан датканын элесине арналган “Аялдардын Ислам тарыхындагы орду” деген темада конференция өткөн. Ошол күндөн баштап конференцияга катышкан кыз-келиндердин сүрөттөрү социалдык тармактарда кеӊири жайылып, коомчулукта пикирий талкууларга себеп болууда.

Журналист Нарын Айып Facebook баракчасына ошол сүрөттөрдү коюп: Таң калдым! Бул кандай, Кыргызстанбы же Кыргызстан эмеспи деп ойлоп кеттим. Азыркы 21-кылымда мындай нерсенин эмне кереги бар? Чүмкөнүп алса эле динге ишенген адам болобу?”- деп өзүнүн көз карашынан келип чыккан комментарийди  бериптир. О.э. “Бул абал кыргыз коомчулугун артка тартып бара жатат, коомубузга коркунуч алып келүүдө” деген маанидеги бир катар пикирлерди да кошумча кылган.

Бирок, “Биз кыргыздар мусулманбыз. Исламда хижаб фарз кылынган. Биз кыздарыбызды ыпылас колдорго тапшырып койбойбуз. Аларды жаныбызды курман кылып болсо да коргойбуз. Эй кафирдин малайлары, хижабдан колуӊарду тарткыла. Жарым жылаӊач жүргөн кыргыз кыздары менен сыймыктанасыӊарбы?  Курманжан датканын кийими хижаб эмес беле!” – деген маанидеги миӊдеген пикирлер четке сүрүлүп кала берген.

Батыш колонизаторлору үстүбүздө өтө күчтүү маалыматтык күрөш жүргүзүп жатышат. Алар өздөрүнө караштуу, бир тараптуу иш алып бара турган “Азаттык радиосу” жана “Ыйман фонду” сыяктуу маалыматтык жана башка тармактагы бир катар малайларды ишке салууда. Максаты, мамлекетибиздеги Исламий мухитти талкалап жиберүү, баалуулуктарыбызды Исламдан ажыратып, бузук түшүнүктөр менен бизди алдап, улутчулдук жана уруучулдук сыяктуу арзыбаган дүйнө караштарга буруп жиберүү. Тарыхыбызды да Исламдан үзүлгөн куру улуттук же Батыш хазаратына жакын кылып көрсөтүү. Алар Исламдан тышкарыдагы бардык катмарларды өз коргоосуна алып, аларга материалдык жардам көрсөтүшөт. Булардын кесепетинен улам кыргыздардын арасында христиандык секталар жана бутпарас, отпарас, зардуштийлик сыяктуу кайры исламий коомдор көбөйүп бара жатат. Алардын мүчөлөрү муртад болуп  кетишине түрткү болгон бирден-бир фактор, Батышчылдыкка умтулуу жана алар убада кылып жаткан материалдык кызыкчылыктар. Коомубузду коркунучка кептеп  жаткан катмарлар жана алардын ката багыттары мына ушулар эмеспи?!

Хижаб кийүү Ханафий мазхабында да фарз. Бирок, аял киши жүзүн никаб менен тосуп алышы фарз эмес. Арам да эмес, ал эми Пайгамбарыбыз (саллоллоху алайхи вассаллам)дын урпактары үчүн важиб. Залда отурган аялдар жүздөрүн этияттык үчүн “балким Расулуллах с.а.в.дын урпагынан болуп калсам, күнөөкөр болуп калбайын” деп тосуп алышкан болсочу? Же намахрам назар түшпөсүн деп, же болбосо сүннөт же мубах деп тосуп алышкан болсочу!  Бул такыбаалыктан эмеспи? Бул энелерден жана эже-карындаштардан Аллах ыраазы болсун. Алар биз эркектер жаныбызды курман кылып болсо да коргоого арзый турган абалда жашап жатышат. Алар Исламды колдорунда чокту кармап тургандай кармап турушат. Ушул оор күндөрдө алар хижабды коомго алып кирүүгө катуу аракет кылуу менен куфрдун бир канатын болсо да сындырып келишет.

Коомдун Ислам менен ойгонуп, жанданышы – ар бир тармактагылар өздөрүнүн ишинде, же жогорудагы кыздар сыяктуу турмушта Исламдан башкасына ыраазы болбой туруу менен ишке ашат. Т.а. медицина тармагындагы мусулман кызматкерлер арам иштерден болгон аборт кылуудан баш тартышат. Мугалимдер куфрга алып баруучу таалим иштеринен баш тартышат. Космонавттар космосто куфрдун мусулмандарга каршы долбоорлоруна кызмат кылбай коюшат. Маалымат тармагынын кызматкерлери жана журналисттер Ислам жана мусулмандарга жалаа жабуучу о.э. ыймандан чыгарып жибериши мүмкүн болгон макалаларды даярдоодон баш тартышат. Ислам уламалары да, исламий нусустарды куфрдун кызыкчылыгына бурмалап берүүдөн баш тартышат. Алардын ар бири, ар бир аракети шаръий өкүмгө ылайык келишин талап кыла башташат. Куфрду мына ушул абал коркутат, бирок, мусулманды эмес. Мусулмандар “биз коркуп жатабыз” деп жатканда куфрга кошомат кылышып, алардын сөзүн кайталап жаткан болушат. Мусулман адам Ислам жана мусулмандардан коркушу мүмкүн эмес!

 

Ибн Ваззах Бакр ибн Умар жана Муъафирийден риваят кылат: Расулуллах с.а.в.:

«طُوبَى لِلْغُرَبَاءِ، الَّذِينَ يُمَسِّكُونَ بِكِتَابِ اللهِ حِينَ يُتْرَكُ، وَيَعْمَلُونَ بِالسُّنَّةِ حِينَ تُطْفَأُ»

«Гарибдерге Туба бейиши болсун, алар Аллахтын китеби таштап коюлган кезде, аны бекем кармашат жана сүннөткө амал кылынбай койгон кезде, ага амал кылышат», – деген.

Исмаил ибн Абдурахман Сабуний мындай риваят кылды, Расулуллах с.а.в.:

«إِنَّ الْإِسْلاَمَ بَدَأَ غَرِيباً، وَسَيَعُودُ غَرِيباً كَمَا بَدَأَ، فَطُوبَى لِلْغُرَبَاءِ. قِيلَ: وَمَنِ الْغُرَبَاءُ يَا رَسُولَ اللهِ؟ قَالَ: الَّذِينَ يُحْيُونَ سُنَّتِى مِنْ بَعِدِى وَيُعَلِّمُونَهَا عَبَادَ اللهِ»

«Ислам Гариб болуп башталды,дагы кайрадан Гарибдикке кайтат, Гарибдерге Туба бейиши болсун,деди. Гарибдер кимдер, Я Расулуллах? – деп сурашкан эле.Расулуллах с.а.в.: Менден кийин сүннөтүмдү тирилткендер жана аны Аллахтын пенделерине үйрөткөндөр», – деп жооп берди.

Ибн Мажа Анас жана Абу Хурайра розияллоху анхулардан риваят кылган жана «Сахих Бухарий»де Абдуллах ибн Масъуддан риваят кылынган хадисте Расулуллах с.а.в.:

«إِنَّ الْإِسْلاَمَ بَدَأَ غَرِيبًا. وَسَيَعُودُ غَرِيبًا كَمَا بَدَأَ. فَطُوبَى لِلْغُرَبَاء»قالوا: يا رسول الله من الغرباء؟قال:«الَّذِينَ يُصْلِحُونَ مَا أَفْسَدَ النَّاسُ»

«Ислам Гариб болуп башталды, дагы кайрадан Гарибдикке кайтат, Гарибдерге Туба (бейиш) болсун», – деди. «Гарибдер кимдер?» – деп сурашканда. «Адамдар бузуп жиберген нерселерди оӊдой турган кишилер», – деп жооп берди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here