Өзбекстан Россия үчүн газдын баасын арзандатты

303
0

Өзбекстан өкмөтү 2016-жылы Россиянын Газпром компаниясына сата турган өзбек газынын баасын төмөндөттү. Газпром компаниясы газ сатып алуу боюнча Түркмөнстандын бийлиги менен келише албаган соң, Өзбекстандан мурунку баасынан арзаныраак баада, дагы да көбүрөөк газ сатып ала тургандыгын жарыя кылды.

Россиянын ТАСС маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, Россиянын Газпром компаниясы 2015-жылы өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Өзбекстан жана Казакстандан сатып ала турган жаратылыш газынын баасын арзандатууга жетишкен. Бирок, газдын баасы канчага арзандаганы жөнүндө азырынча эч кандай маалымат жок.

Газпром компаниясы сунуштаган документтерде келишинче, Түркмөнстандын расмийлери менен газдын баасы боюнча келише албаган Россия компаниясы Түркмөнстан менен түзгөн келишимин жокко чыгарып, Өзбекстандан көбүрөөк газ сатып алуу боюнча келишим түзгөн.

2016-жылы Россия Өзбекстандан өтө арзан баада 3.1 миллиард куб метр газ сатып алары божомол кылынууда. Өзбекстан Россия менен Кытайга газ экспортун көбөйтүп жаткан бир учурда мамлекеттин калкына жана өнөржайларына газ жетишпестиги адаттагы көрүнүшкө айланган.

Эскерте кетүүчү нерсе, Өзбекстан Республикасынын Финансы министрлиги газ үчүн белгилеген жалпы көрсөтмөлөргө ылайык, Өзбекстанда үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен баштап калкка берилүүчү газдын баасы 8%га кымбаттаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here