АКШ Россия жана Кытайды “бастырып туруучу” курал иштеп чыгарууда

253
0

 АКШда электр-магниттик рельстүү замбирек жаратылууда. Бул курал Россия жана Кытайды “бастырып туруу” үчүн болжолдонгон.

 “Wall Street Journal” басылмасынын жазышынча, “супер замбирекке” порох да, жардыруучу заттар да талап кылынбайт. Анда снаряд электр-магниттик рельстер жардамында тездештирилет жана анын тездиги секундасына 1,5 км ге жетиши мүмкүн.

 АКШнын коргоо министринин биринчи орун басары Роберт Уорк: “Россия ок-дарыларды алыскы аралыкка ташууга кудуреттүү экендигин четке кагууга болбойт. Биз мындай ок атууларга каршы турууга кудуреттүү болушубуз керек”,- деди.

 Анын айтымында, замбирек “өтө чоӊ басып туруучу мааниге ээ болот”. Мисалы, кыскача рельсотрон деп аталуучу бул курал “Балтика боюндагы мамлекеттерди Россиядан” же “АКШнын союздаштарын Түштүк Кытай деӊизинде Кытайдан” коргоодо колдонулушу мүмкүн.

Туркистон: 

Россия АКШ менен суук согушка кирише албайт. Муну Путин жана башка мамлекеттик жетекчилер көп жолу баса белгилешти. Кытай болсо тарыхта дээрлик колонизатор болгон эмес. Анын азыркы ички саясаты, экономикалык системасы жана идеологиялык абалы өтө кооптуу абалда. Кытай да Европа үчүн дээрлик коркунуч туудура албайт.

Демек, АКШ дагы жасалма атаандаштар менен жалган коркунуч пайда кылып жатат. Максаты, Европа Союзун бүтүндөй аскерий колония кылып алуу. Себеби, мусулмандар жакынкы келечекте исламий мамлекетти тикелешет. Ошондо Европа мамлекеттери куфр системасы үчүн буфердик коргонуу аймагына айланат. Россия, Кытай же Иран жасалма коркунучтар болуп, негизги максатка жетүү үчүн булар атайын кооптуу кылып көрсөтүлүшөт. Бул нерсе АКШнын планы.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here