Туркистон:
Президент 30-май күнү ички иштер министри Тургамбаевди кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Мындан бир аз мурда премьер-министр Темир Сариев кызматтан кеткен болчу. Турганбаев да, кудум Жаныш Бакиев сыяктуу, Ислам динине жана мусулмандарга өтө көптөгөн зулумдарды кылды.
Бирок, башкаруу системасындагы жашыруун жүргүзүлгөн бир катар коррупциялык иштер ийгиликсиз болгон учурда бул министрлерди алмаштыруу ишке ашырылат. Себеби, бул министрлер жана жалпы башкаруу аппараты амандыкта калышы үчүн бардык башкаруу аппараты өз ордунда сакталып турушу керек. Алар бири-бири менен бекем байланышкан. Бул мафиялык системага окшоп кеткен аппарат болуп, бир-эки жетекчини четке алып туруу менен, бүтүндөй башкаруу системасы сакталып калат. Бирок, алардын ар бири өзүнчө тармактарда кылып жаткан бардык коррупциялык иштер кеӊешүү менен жана өз ара ыраазылык астында ишке ашырылат.
2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалдан кийин гуманитардык жардамды бөлүштүрүү иштерине жетекчи болуп туруп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган Жантөрө Сатыбалдиев жазалануунун ордуна премьер-министр болуп дайындалды. Кийинчерээк кызматынан баш тартып болсо да Кумтөр компаниясынан ири өлчөмдө пара алып, Кыргызстандын зыянына бир катар документтерге кол коюп берди. Андан кийин ал да кызматтан алынды. Бирок, ал киши кол койгон документтер күчүн жоготподу.
Ошол улуттар аралык жаӊжал учурунда качып бара жаткан өзбектерди тоноп, байлыкка ээ болуп алган орган кызматкерлеринин бири Курсан Асанов кийинчерээк депутат болду. Бул адамдар да убагы келгенде кылмыштары үчүн азабын тартышат. Себеби, булардын кылмыштары үчүн шарт түзүп берген жана аларды коргоп турган жетекчилер бир күнү иштен кетээри анык. Алар буйруктарды оозеки бергендиктен, негизги жоопкерчилик ушул зулумдарды уюштурган, ыпылас операцияларды ишке ашырган аткаруучуларга түшөт.
№50-абактагы Турганбаев жана Сариевдер уюштурган 2010-жылдагы окуялардын керексиз күбөлөрүн өлтүрүү операциясы толук ийгиликке жетише албады. Операция сызылган пландын алкагынан чыгып кетип, ондогон бейкүнөө адамдар өлдү. Бул операция өкмөт жана ИИМ тарабынан уюштурулганын элдин баары түшүнүп калды. Бүгүнкү күндө бул иш боюнча соттук жараян жүрүп жатат.
Бул жетекчилерди алмаштыруу менен алардын ордунан үмүттөнүп, кээ бир иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан саясатчылардын оозу жабылат. Себеби, өзүн акыйкатчыл кылып көрсөтүп, министрлерди тергеп-тескеп жаткан бардык саясатчылар жеке кызыкчылыктары үчүн гана саясий популисттик аракеттерди кылышат. Ошондуктан, бул алмаштыруулар, адамдарды алмаштыруу менен саясий чөйрөнү да, башкаруу системасын да, идеологиялык дүйнө карашты да өзгөрбөгөн абалда сактап калат. Болгону бир нече адамдар гана алмаштырылат.
Кызматтан алынган министрлердин дээрлик бири да жазаланбайт. Маалымат каражаттарында бир аз ызы-чуу кылынат. Андан соӊ унутулуп калышат жана дагы кийинки шайлоолордо эч нерсе болбогондой чыгып келе беришет. Алардын үстүндө турган жетекчилер үчүн булардын кылмыштарын ачып таштоо өтө кооптуу. Себеби, бул ачып таштоо, өзүнүн кылмышын ачып таштоого барабар. Ошондуктан, алар бири-бири менен жашыруун түрдө келишип алышат.