Тажик бийлигинин муслима аялдардын кийиминен башка проблемасы калбады

326
0

 Заманбап фараондордун бири, Тажикстан тогуту Эмомали Рахмон Ислам дини жана мусулмандарга каршы күрөш о.э. исламий көрүнүш жана баалуулуктарды коомдон сүрүп чыгаруу үчүн мүмкүнчүлүгүндөгү бардык каражаттарды ишке салып келет.

 Мамлекетте 1992-1997-жылдарда болгон жарандык согуштан кийин бийликке келген Эмомали Рахмон өз режимин бекемдөө үчүн мамлекеттин 95 пайызын түзүүчү мусулмандардын каалоо жана туйгулары менен эсептешүүнүн ордуна, АКШ тарабынан диктатор түзүмдөр үчүн байрак катары көтөрүлгөн “терроризм” жана “экстремизмге” каршы күрөштү колдоо кылып алды.

 Мектеп жана жогорку окуу жайлардагы окуучу жана студент кыздардын жоолуктарына, 18 жашка чыга элек балдардын мечиттерге киришине тыюу салуу “оӊ” натыйжасын берген соӊ, мусулман эркектердин сакал жана ак топуларын “тартипке” салууга киришти. Күч түзүмүнүн кызматкерлери тарабынан көчөлөрдө кармалган мусулмандардын сакалдарын мажбурлап кырып таштоо адаттагы көрүнүшкө айланып калды.

 Эмомали Рахмон президенттиги доорунда жогорку даражага жеткен жумушсуздук, кеңири кулач жайган паракордук, жакырчылык жана күч түзүмдөрүнүн тартипсиздигин жоюунун ордуна, “тажиктердин улуттук маданиятына жат” болгон муслима аялдардын кийимине каршы күрөштү баштап жиберди жана президенттин көрсөтмөсү менен негизги этибар аялдардын коомдук жайларда авраттары жабык абалда жүрүшүнүн алдын алууга каратылды. Чектен чыгуусун токтотпой жаткан президент ал тургай жаӊы төрөлгөн балдарга исламий ат коюлушуна тыюу салынуучу мыйзам иштелип чыгып, кабыл алынышына баш болду.

Ыраазылыкты Аллахтын алдынан эмес, тескерисинче пенденин алдынан издеп жаткан кызматкерлер болсо Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө Эмомали Рахмонго “кош канат” болуп келишүүдө. Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы аял жана үй-бүлө комитетинин башчысы Идигул Касимзода 25-май күнү түрдүү министрлик жана мекеме өкүлдөрү, ички иштер министрлигинин жана улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери менен болгон жолугушууда аялдардын кийинүүсүн катуу көзөмөл кылуу зарыл экендигин айтып өттү. Бул маселе Турсинзода шаары жана Рудаки районунун акимдери, мекеме жетекчилери, базар жана соода борборлорунун башчылары менен жолугушуу учурунда да көтөрүлдү.

  “Ушул жолугушуулардан негизги максат улуттук кийимдерди үгүттөө, кыз-келиндер тарабынан кийинүү маданиятына амал кылууну түшүндүрүүдөн турат”, – деп айтылат комитеттин кабарында.

  Жолугушууларда Касимзода “чоочун маданиятты” чагылдыруучу кийимдерди иштеп чыгарууну чектөөө боюнча зарыл болгон чараларды көрүү керектигин баса белгилеп, базар жана соода борборлорунун башчыларынан аял кызматкерлеринин кийимдерине көӊүл буруу талап кылынды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here