Штайнмайер: Сирия кризиси бизди тынчсыздандырууда

257
0

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер Сирия маселесин талкуулоо үчүн Саудиянын тышкы иштер министри Адил ал-Жубайр менен жолугушту. Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн ортоктош маалымат жыйынында Штайнмайер Сирия кризисине саясий чечим табуу үчүн кылынган аракеттер ийгиликсиз болгондугунан тынчсызданып жаткандыгын билдирди.

“Саясий чечим табуу үчүн аракеттерибиз натыйжа бербеди. Бул болсо, баарыбызды тынчсыздандырууда. Бирок, ийгиликке жетишүү үчүн бар болгон күчүбүздү жумшоо милдетин моюнга алып жатабыз”, – деди Германиянын тышкы иштер министри.

Февраль айынын башында Мюнхенде кол коюлган “Сирияда ок атууну убактылуу токтотуу” туурасындагы келишимге ишара кылган Штайнмайер ок атууну токтотуу келишими тынымсыз бузулгандыгын, айрыкча Халаб жана Дамасктын айланасында кризис күчөгөндүгүн эскертип өттү. О.э. Штайнмайер келишим туруктуу болушу үчүн Россия жана Америка ортосунда үзгүлтүксүз жолугушуу болуп тургандыгын кошумча кылып, алдыдагы күндөрдө абал тынчтанышынан үмүттөнгөндүгүн билдирди.

Штайнмайер сөзүн улантып, саясий чечимден башка жол жоктугуна Сириядагы оппозициялык күчтөрдү ишендирүүү керектигине басым жасады. Анын баса белгилешинче, саясий чечим туурасында уюштурула турган сүйлөшүүлөр “бийлик өзгөрүшүн” түшүндүрөт жана келечек сүйлөшүүлөрдө “өткөөл мезгил” кандай болору талкууланат.

Туркистон:

Батыш мамлекеттеринин башчылары эмне үчүн Сирия кризисинен мынчалык тынчсызданып жатышат. Ал тургай, америкалык жооптуулар Сирияда жүз берип жаткан окуялар Американын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурушун ачык айтышты.

Алар Сирия маселеси боюнча сөз кылган учурда, кудум Сирияда жарандык согуш болуп жаткандай сөз кылышат. Эгерде Сирияда жарандык согуш болуп жаткан болсо, Батыш мамлекеттеринин башчылары эмне үчүн мынчалык тынчсызданып жатышат? Аларды мынчалык тынчсыздандырып жаткан нерсе эмне?

Белгилүү болгондой, Сириядагы согуштар эч кандай жарандык согуш эмес, тескерисинче, хазараттар согушу. Батыштын түрдүү даражадагы жооптуулары муну ачык айтып жатышат. Себеби, алар бул күрөштөн алардын хазаратына келе жаткан коркунучту сезип жатышат. Ооба, Сирия козголоңу Батыш хазараты кыйрагандыгын көрсөтүп турат о.э. бул хазараттын кулашына – Аллах Тааланын уруксаты менен – жакын калганын баса белгилеп турат.

АКШ жана Батыш мамлекеттери бул козголоң алардын стратегиялык кызыкчылыктарына, хазараттарына жана эл аралык майдандагы позициясына коркунуч туудурушун жакшы билет. Ошондуктан, бул козголоңго ар тараптан сокку берүү үчүн жана “терроризм” сыяктуу жалган ураандар асытнда аны жок кылуу үчүн болгон күчүн жумшап жатышат. Бирок, Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу, бирок, адамдардын кптөрү муну билишпейт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here