РИА “Новости”нин кабар беришинче, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Астана экономикалык форумуна катышып, эркин сооданын ордуна эл аралык соода блокторун пайда кылууну “башы туюк көчө” деп сыпаттады.
Анын айтымында, азыркы учурда өкмөт жана борбордук банктарда экономикалык активдүүлүктү жандандыруу мүмкүнчүлүктөрү азайып барууда.
“Биз мындай саясатка амал кылгандардын көбүн көрүп жатабыз. Бул Дүйнөлүк соода уюмунун ордуна өзүнчө соода блокторун түзүүгө, капиталдын аракетине чектөөлөрдү киргизүүгө, өз ара санкциялар, тоскоолдуктардын кеӊейтилишине тиешелүү”, – деди президент.
Назарбаев бүгүн дүйнөдө АКШ тарабынан Азия -Тынч океаны соода блогу түзүлүшүнөн о.э. ШКУнун Индия, Пакистан жана Иран мамлекеттери кошулушунун эсебине кеӊейишинен о.э. башка соода блоктору түзүлүп жаткандыгынан эскертип өттү.
“Мындайда Дүйнөлүк соода уюму кантип иштейт? Менин оюмча, бул бардык мамлекеттерге зыян жеткире турган “башы туюк көчө” болуп, бул нерсе өзүнүн радикалдык баскычында бүт дүйнөдө карама-каршылыктын өсүшүнө алып барат”, – деди Назарбаев.