«Айды этек менен калкалай албайсыӊ»

303
0

«Айды этек менен калкалай албайсыӊ»

Мусулмандардын Халифа бар кездеги абалы менен Халифа жок кездеги абалы

Окуяларды күзөтүп жаткан ар кандай ынсаптуу адам бүгүнкү акыйкатты табуу үчүн катуу аракет кылышы шарт эмес. Себеби, бул акыйкат хижрий 1342-жылы кылмышкер яхудий Мустафа Кемелдин колу менен Усманийлер Халифалыгы кулатылгандан бери Ислам Үммөтүнүн башына кандай гана балээлер жаагандыгын ачык-айкын көрсөтүп турат! Үммөт Халифалык кулатылгандан бери зулматта күн өткөрүп, зарлап жатат! Чындыгында, ошондо Британиянын тышкы иштер министри (1919-1924) лорд Жорж Керзон ушул кылмыш таасирин: «Биз Түркияны жок кылдык. Түркия бүгүндөн кийин эч качан бутка тура албайт… Себеби, биз анын Исламда жана Халифалыкта калыптанган кубатын жок кылдык», – деп сүрөттөгөн. Анын досу Улуу Араб ынкылабынын (1916-жыл) жетекчиси Лоуренс да өзүнүн жашыруун каттарында: « Шариф Хусайн бизге пайдасы тийе турган адамга окшойт. Себеби, ал биздин исламий фронтту талкалоо жана усманий империяны жеӊүү… сыяктуу максаттарыбыз менен бирге жүрүп жатат… Арабдар үстүндө туура «иштелсе», алар саясий бытырандылык абалына түшүп калышат т.а. бири-бирин көрө албай турган жана биригүү жөндөмү жок майда амирликтерге айланышат», – деп жазган.

Бул кырсык жана балээлер китебин барактап чыгууга адам баласы алсыздык кылат… Себеби, Ислам шариятынын турмуштан четтетилиши натыйжасында келип чыккан бул кырсыктар Үммөткө аябай кымбатка түштү. Мисалы, алгач колонизатор кафир Батыш Үммөттү өз алдынча токтом чыгара албай турган ондогон мамлекетчелерге бөлдү…, ал тургай алардын башына ушундай бир малайларды отургузуп койду дейсиң, алар ошол кожоюндарынын буйругу негизинде Аллахтын шариятына каршы күрөшүүдөн башка ишти билишпеди.

Халифалык жоктугу себептӊӊ жүз берген абалды толук айтып өтүүгө убактыбыз тар болгондуктан алардын эң маанилүүлөрүн айтып өтөмүн:

  • Биринчи, Аллахтын шарияты жокко чыгарылды. Бул болсо, сүрөттөөгө тил алсыздык кыла турган мусибат болуп эсептелет. Себеби, мусулман Аллахтын шариятынан алыста жашаган соӊ, анын Исламы толук болбойт. Себеби, адам тарабынан ойлоп табылган куфр мыйзамдарына моюн сунуу, Ислам назарында, жер-асманды жараткан Аллах Субханахуга калыс кулдук кылуу болуп эсептелбейт:

«Эсиңерде болсун, жаратуу жана буюруу бир гана Аныкы, бардык ааламдар Жаратуучусу-Аллах улуу»                                                                                                                    [7:54]

  • Исламий өлкөлөр колонизатор мамлекеттер өкүмдарлыгы астында калды жана шарият менен жашоо туурасындагы каалоолорун жоготушту.
  • Мусулмандар колонизатор мамлекеттердин «бөлүп ташта, өкүмдар болосуӊ» деген саясатына моюн сунуп калышты. Бул бөлүп таштоонун натыйжалары аларга үлкөн балээлерди алып келди: яхудийлер Ал-Аксаны жана Расулуллахтын Исро мекенин тебелеп тепсеп, исламий өлкөлөрдөгү чыккынчы акимдер да колонизатор кожоюндарынын көрсөтмөлөрүн аткаруу менен алектеништи. Жарандарды кырып, өлкөлөрдү кыйрандыга айландырып, бардык нерсени өрттөгөн согуштар да ушул көрсөтмөлөрдүн бири болду. Исламий өлкөлөрүбүз мына ушул ирмемде да колония астында жашап жатат. Акимдердин мусулмандарды куткарбай, Палестина, Борбордук Африка, Бирма, Чеченстан, Кашмир, Филиппин сыяктуу өлкөлөрдө мусулмандардын массалык түрдө кыргын кылынышына жол бергендиктери да ушул чыккынчылыктар түркүмүнөн. Бүгүнкү күндө Сирияда да мусулмандарды кыргынга калтырышына күбө болуп жатабыз.
  • Акимдер исламий өлкөлөрдөгү коомдорду батышташтыруу, мусулмандардын исламий шахсия негиздерин пикирий, саясий, сакафий жана экономикалык тармактарда бузуу сыяктуу колонизатордук саясатын ишке ашырып жатышат. Максаты, Исламды мусулмандар турмушунан бүтүндөй өчүрүп таштоо, эгерде буга мүмкүнчүлүгү жетпесе, аны жеке адамга тиешелүү ибадаттарга гана чектеп коюу. Анткени, бул нерсе мусулмандардын ойгонушуна жана алардын колонизатордук кишендеринен азат болушуна алып барбайт.
  • Бул чыккынчы акимдер сарай «уламалары» менен тил бириктиришпегенде эле, анда залалатта мынчалык көпкө калып кетишпейт болчу. Себеби, бул шейх уламалар диндерин дүйнөгө алмаштырып, өз ыктыярлары менен акимдердин туура эмес иштерин акыйкат кылып көрсөтүштү. Жок эле дегенде, алардын кылмыштарына сүкүт сакташты. Эӊ оболу Аллахтын шариятын жокко чыгаруу кылмыштарына сүкүт сакташты. Бүгүн алардын көпчүлүгүнүн зыяны бар да, пайдасы жок болгон фатваларды, учурдагы абалга таптакыр тиешеси болбогон маърузаларды кылуу менен чектен чыгып жатышканын, тиги залим акимдердин кылмыштарына болсо уялбастан карап турушканын көрүп турабыз. Бул акимдер болсо кафирлерге жардам берип жатышат, Аллахтын шариятын четке чыгарып, аны колдонууга даъват кылып жаткан мусулмандарга каршы күрөшүп жатышат, Аллах арам кылган нерселерди адал кылып жатышат:

«Аллахка берген убадаларын жана анттарын арзыбаган баага сатып жиберген кишилер үчүн Акыретте насип жок. Кыямат күндө Аллах аларга сүйлөбөйт, (ырайым назары менен) карабайт жана (күнөөлөрүнөн) тазартпайт. Аларга жан чыдагыс азап бар. Алардан (яхудийлерден) дагы бир жамаат бар: китепти (Тооратты) тилдери менен бурмалап (өзгөртүп) окушат, силер аны китептен деп ойлошуңар үчүн. Чынында, ал китептен эмес. Жана алар “Бул – Аллахтын алдынан” дешет. Чынында, ал Аллахтан эмес. Алар билип туруп Аллахка жалган айтышат»  [3:77-78]

Демек, ынсаптуу күзөтүүчү адамга Исламий Үммөттүн Халифалык кулатылгандан кийин түшкөн абалы менен, Халифалык доорундагы абалын салыштыруу кыйын эмес. Алгач, Ислам Үммөтү раббоний шарият башкаруусунда болду, себеби бул мамлекет хидаят, рахмат, камкордук, күч-кубат жана адилеттүүлүктүн мамлекети болду. Биз мусулмандардын кандай кылып дүйнө жүзүнүн чыгышы менен батышына ээ болгондугун билебиз жана мусулмандар колунда болгон ошол хазарат, бейпилдик, пикирий жана маданий өнүгүүнүн кайтышын ойлогондо башыбыз көккө жетет. Анткени, башка өлкөлөрүбүздө да адамдар Халифалык көлөкөсүндө жашоого ынтызар, алар да өз өлкөлөрү исламий армиялар тарабынан фатх кылынышына ынтызар. Исламий армиялар өлкөлөрүбүздү фатх кылышынан мурда мусулмандардын дилдери ушул армиялар тарабынан фатх кылынды, шаар-кыштактарыбызга кирип келишинен мурда аларды жакшы көрүү кеӊири жайылды. Муну адамдардын топ-топ болуп Аллахтын динине кирип жатканынан о.э. Түркстан, Балкан сыяктуу жерлерибиз куфр тарабынан басып алынып ушунча кыйынчылыктарды баштан өткөрүшүнө карабастан, Исламга бекем жабышып жаткандыгынан да көрүүгө болот.

Чындыгында, айрым ынсаптуу эксперттер Испаниядагы хазарат тууралуу о.э. башка өлкөлөрдөгү исламий хазарат тууралуу да икая кылышкан. Гюстав Лебондун «Адамдар арабдардай адилеттүү жана мээримдүү фатихтерди көргөн эмес» деген сөздөрү да ушулар түркүмүнөн. Льюис Сейдиу болсо көбүрөөк Африкага кирип барган исламий хазарат факторлору жөнүндө сөз кылып: «Асхабдардын урпагы бар болгон күчүн аябастан, соода-сатык, өнөржай жана айыл чарба тармактарын өнүктүрүштү. Натыйжада, чөлдүк калк менен жээктеги калктын ортосунда алакаларды  жеӊилдештирип, кампаларды курушту, жолдорду куруп, жүк ташуу коопсуздугун камсыздашты, Марокко аймагы менен Мисирдин ортосунда почта кызматын түзүштү. Андан соӊ негизги порттордо иштеп чыгаруу үчүн өзүнчө орун пайда кылышты, себеби аларда кудуреттүү Флот бар эле жана бул аркылуу деӊиз өкүмдарына айланышкан болчу». Халифа Абдулхамид II курдурган темир жолу бүгүнкү күнгө чейин Халифалык мамлекетинин улуулугуна реалдуу мисал болуп калууда, халифа муну ошол кезде мамлекеттин каржысы оор абалда экендигине карабастан бүтүргөн. Кудум ушундай эле, ушул маанилүү тармак колонизатор кафир Батыш орнотуп койгон малай мамлекеттердин ооматсыздыгын да далилдеп турат. Себеби, Батыш сызган сызыктан чыга албай турган режимдер бир кылым мурда пайда болгон ушул тармакты да токтотуп коюшту.

 

Усмон Баххаш

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here