АКШ Афганистандагы согушта иштетип бүткөн аскердик техникаларын “терроризмге” каршы күрөштү колдоп-кубаттоо үчүн Египетке “садака” кылып берди. Ошол бронетехникалардын биринчи бөлүгү кече Искандарийяга жетип келди. АКШнын Каирдеги элчилиги муну баса белгилеп, билдирүү таратты.
Билдирүүдө айтылышынча, жардыргыч заттар жана миналардан коргонуу үчүн болжолдонгон бул атайын автомобилдер терроризмге каршы күрөшүү жана ички туруктуулукту камсыздоо максатында Египетке “беп-бекер” берилген. Ал аскердик техникалардын так саны тууралуу маалымат жок. Болгону, азыр Искандарийяга жетип келген 762 антимина автомобилдер “садаканын” биринчи гана бөлүгү экени айтылууда.
АКШ тышкы иштер министрлиги жыл сайын чыгара турган отчетто айтылышынча, Кошмо Штаттардан эң көп аскерий жардам ала турган биринчи мамлекет Израиль болсо, андан кийинки орунда Египет турат. 1979-жылы АКШ демөөрчүлүгү астында Израиль менен Египет ортосунда кол коюлган Кэмп-Девид келишиминен кийин, Кошмо Штаттар Египетке ар жылы белгилүү бир өлчөмдө аскердик жардам берип турууну өз мойнуна алган. Бу өлчөм 1987-жылкы эсепте 1,3 миллиард доллар кылып белгиленген.