Атамбаев арманын айтып алды

307
0

 Президент Алмазбек Атамбаев 15-май күнү энелерди майрамы менен куттуктоо учурунда “Элдик парламенттин” мүчөлөрүн тынчтыкты бузуучу “чыккынчылар” деп атап алардын артында турган күчтөр тууралуу токтолуп өттү.

 Алмазбек Атамбаев “1916-жылдагы өлкөнүн түндүгүндөгү кыргынды жана Ош менен Жалал-Абаддагы 2010-жылдагы этникалык жаӊжалды чет элдик атайын кызматтын генералдары уюштурган” деп билдирди.

 О.э. мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин жакын адамдары кандуу төӊкөрүшкө даярданганын айтып, андайга азыр эч качан жол берилбестигин  баса белгиледи.

 Президент алардын чет элдик атайын кызматтын генералдары менен алакаларын баса белгилеп, муну улутка чыккынчылык кылуу деп атады. Бирок, кайсы мамлекеттин атайын кызматы экендигин ачык айтпады.

 Алмазбек Атамбаев буга чейин жүз берген кандуу окуяларга да алардын алакасы бар бар экендигине мисал келтирип өттү.

 “Чет элдик генералдар биздин элибизге эч качан жакшылык кылган эмес. Биз муну 1916-жылкы окуяларда падышалык генералдардын ишинен билебиз. Анда Кыргызстандын түндүгүнүн жарымына жакыны кыргынга учуратылган. Ошондой эле биз төрт жүздөн ашуун жараныбыз каза болгон 2010-жылдагы июнь окуясында Ош менен Жалал-Абадагы чет элдик атайын кызматтардын генералдарынын ишмердигин дагы билебиз”,- деди Атамбаев.

Туркистон:  Атамбаев 1916-жылы кыргыз  улутун орус империясы кыргын кылгандыгын жана 2010-жылдагы Ош окуясы да ошол кайрадан калыптанган орус империясы мураскорлорунун демөөрчүлүгү астында ишке ашырылгандыгын абдан жакшы билет. Муну бүтүндөй кыргыз элитасы жакшы билет.

 Кыргыз элитасы да, Атамбаев да бул иштерди бүгүн эле билип калышкан жок. Кыргызстандагы эӊ бийик чокулардын бирине Путиндин атын бермекчи болуп жатышканда кезде да, алардын жооп бериши керек болгон жийиркеничтүү кылмыштары бар экендигин билишет эле. Кыргызстанды кыйроого учуратып Россиянын артынан ЕАЭБге алып кирип жатышканда да билишет болчу. “Кыргызгаз”ды Россиянын “Газпром” компаниясына 1 долларга сатып жаткан учурда да….. жана башка ондогон стратегиялык маанилүү ишканаларды Россияга өткөрүп берип жатканда  кезде да орустун тарыхтагы ыпылас иштеринен кабардар болушкан. Эмне үчүн бүгүнкү күнгө келип, “орус жаман экен” деген тыянактар айтыла баштады. Акыры Атамбаевди президенттикке алып келүү үчүн ошол орустар Акаевди, анын артынан Бакиевди кууп жиберишпеди беле. Бакиевди кууп чыгып жатканда өзбек элитасы ага жардам берип жиберишинен коркуп, орустун кеңеши менен алгач Кадыровдун командасы менен ошол кездеги “убактылуу өкмөт” ортосунда келишим түзүлгөн болчу. Андан соӊ, орус генералдардын кеңеши менен, өзбек элитасына убада кылынган өкмөттөгү 30%  креслону сактап калышы үчүн, 2010-жылдагы июнь окуялары уюштурулган болчу. Ошону менен Кыргызстандын түштүк бөлүгүн борбор кылып ээлеп алууну көздөгөн Бакиев максатына жетише албай калган.

 Жогорудагы иштер ачылып кете турган болсо т.а. орустар ачып жибере турган болсо, өтө көптөгөн саясатчыларыбыздын жүздөрү кара болот. “Кыӊыр иш кырк жылда билинет” дегендей, бул жийиркеничтүү иштердин бардыгы албетте бир күнү ачыкталат.

Бул жерде проблема мындай: Кыргызстан мамлекети жана жарандарынын кызыкчылыктарына өтө чоӊ зыян жетип жатат. Кыргыз улутуна жана жалпы мусулмандардын кызыкчылыктарына зыян жетип жатат. Жалпы элдик мүлктөр чет элдик жарандардын, чет мамлекеттердин же чет элдик компаниялардын мүлкүнө айланып болду. Мамлекет жана элге ушунча зыян жана кырсыктар жетип турган кезде, орустун ыпыластыгы айтылган жок. Тескерисинче, алар менен алака күчөп бара берди. Кызматташтык, ишеним, пайдасыз экономикалык алакалар улана берди. Бул кызматташтыкка каршылык кылган жүздөгөн мусулмандар камакка алынды. Аларга куфрдун “террорист, экстремист” деген атамалары астында айыптар тагылып, эркек, аял жана карылар да сот жообуна тартылышты.

Бүгүнкү күнгө келип, орус “мен сага алып берген аманат креслону жакшылык менен бошотуп кой” деп бир катар аракеттерди баштады. Мына ошентип, орустар бир күндө эле баскынчыга, ички иштерибизге аралашуучу зордукчулдарга, тыӊчы генералдардын демөөрчүлөрүнө, фитнакеч канкорлорго жана кыргыз улутун кыргын кылган жырткычтарга айланып калышты. Бул нерсе Кыргызстан жарандарынан кызыкчылыктарын коргоо үчүн эмес, Кыргызстандагы 5 же 10 саясатчынын кызыкчылыгы коркунучка кептелип калгандыгынан улам  жарыя кылынган о.э. аз болсо да акыйкатты айтып өткөн билдирүү болду.

Проблеманын негизи мына ушунда. Т.а. биз бийликти ишенип тапшырган жетекчи саясатчыларыбыз ачкөз жана саясий популист экендигинде. Аларда кыпындай патриоттук жок. Элдин алдында өздөрүн теӊдеши жок жетекчи кылып көрсөтүүгө аракет кылышат. Ошондуктан, алар чыныгы ыйман ээлерин жана чыныгы патриот саясатчыларды коомдон четтетип, камактарга алышты. Ал жерде да башка кылмышкерлердин көздөрүн ачып жатышат деп, бул саясатчыларды өзүнчө абактарда кармап турушат. Бул бактысыз жасалма саясатчылар креслолорун ушунчалык жакшы көрүшкөндүктөн, кафир кожоюндарын ыраазы кылуу үчүн өзүнүн ага-инилери жана эже-карындаштары болгон мусулман саясатчыларды катуу кыйнап келишет. Ошондо да, колонизатор кафир жетекчилери аларга ар дайым эле ыраазы боло беришпейт. Кожоюндары кырдаалга карай аларды алмаштырып турушат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here