Жубайр:Эгер АКШ Сирияга аскер жиберсе, биз да карап турбайбыз!

384
0

Саудия тышкы иштер министри Адил Жубайр “эгер АКШ Сирияга кошуун жибере турган болсо, Саудия өкмөтү да Сирияда аскерий амалият алып барарын” билдирди. Сирия президенти Башар Асаддын мансабынан кетиши тууралуу туруктуу позицияда экенин билдирген Жубайр, бу маселеде АКШ менен кызматташтык кылууга жана Сирияга қургактыктан аскерий күч жиберүүгө даяр экендигин белгиледи. Жубайр  Франциянын “Франc 24” телеканалына берген интервьюсунда, Сирия президенти Башар Асад саясий же аскерий жолдор аркылуу сөзсүз мансабынан бошотулушу керектигин айтты.

“Сирия кризиси Башар Асад кетмейинче бүтпөйт. Бу 6 ай, же үч ай, же болбосо үч жылга созулушу да мүмкүн. Бу Асадга байланыштуу”, – деди Саудия тышкы иштер министри.

“Мурунтан айтып жүргөнүбүздөй, бу иш бир тараптуу чечилбейт. Биз АКШ башчылыгындагы коалициянын бир бөлүгүбүз. АКШ ИШИМге каршы күрөш максатында Сирияга кургактыктан кошуун жибере турган болсо, Саудия Арабстаны да атайын даярдыктагы кошуун жиберүүгө даяр”, – деп кошумчалады Жубайр.

Так ушул учурда, Халаб кандуу кыргынга учурап, мусулмандар кыйкырыгы бүткүл дүйнөнү силкинтип турган чакта – башка исламий өлкөлөрдүн акимдери менен бир катарда – Адил Жубайр да оозуна талкан салып алууну абзел көрдү. Анткени, кожоюндары эмне иш кылса – ал иштер бу малайлар үчүн айныксыз туура эсептелет. Мына азыр да, Саудия башчылары Сирия мусулмандарын кырып жаткан Россия баскынчы күчтөрүн кууп чыгуу үчүн кошуун жөнөтпөстөн, тескерисинче, АКШ атынан мусулмандарга каршы согушка кирши үчүн аскер жөнөтмөкчү болуп жатышат. АКШ болсо “Террорчуларды жоготуу” же “ИШИМге каршы күрөш” шылтоосу артында, кээде эл аралык коалиция колу менен, кээде Россия колу менен Сирия калкын кырып жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here