АКШ, Россия жана Кытай мамлекеттери Орто Азия республикалары үстүнөн таасир орнотууда өз ара атаандашып келүүдө. АКШ регион үстүнөн саясий жана сакофий көзомол орнотуу аракетинде болсо, Россия алардын аскердик жактан көз каранды бойдон калышы үчүн олуттуу иш алып барууда. Булардан айырмаланып, Кытай аларды экономикалык жактан күнкор кылып алууну көздөп келүүдө. Мына эми болсо экономикалык ыкма аркылуу регион мамлекеттеринин жерин тартып ала баштады.
“News-Asia” кабарлашынча, Кытай өкмөтү Тажикстандын карыздары үчүн Тоолуу Бадахшан областындагы ири майдан үстүнөн аскердик көзөмөл орноткон.
Гезиттин маалымдашынча, Кытай өкмөтү 6-майдан тартаТажикстан чегине өз кошуунун киргизе баштаган. Тажикстан болсо, бул аймагын Кытайга берүү аркылуу карыздарынан кутулууну көздөгөн. Тажикстан “эгемендүүлүккө” жетишкенден бери “талаштуу аймак” эсептелип келген 1,5 миң гектар жерди Кытайга берип жиберген. Тажикстан Кытайга берип жаткан жерлер, негизинен, борбордук бийликке моюн толгоп келген Тоолуу Бадахшан областына караштуу.
Тажикстан өкмөтү Кытайга болгон карыздары үчүн жер бериши тууралуу кеп-сөздөр 2013-жылы козголо баштаган. Бирок, көпчүлүк буга анчалык маани деле берген эмес. Акыбетте, тажик өкмөтү “жашоого ыңгайсыз” болгон бийик тоолуу аймактарды Кытайга берүүгө токтом кылган көрүнөт. Өкүнүчтүүсү, тажик өкмөтү назарында бул жерлер жашоо үчүн ыңгайсыздай көрүнүп жатса, а Кытай өкмөтү болсо бул жерлерге кымбат баалуу таштар, уран жана минералдарга бай аймак катары кароодо.
Кытай өкмөтү Тажикстан тарабынан “тартуу” кылынган бул жерлерде алда качан эле геологиялык изилдөө иштерин баштап жиберген болсо, а тажик өкмөтү өзүнүн бул токтомун акташ үчүн “Жер асты байлыктары туурасындагы мыйзамга” кошумча жана өзгөртүүлөр киргизип берип, Кытайлыктардын иштерин мыйзамдаштырып коюуга үлгүрдү.
Орто Азияда экономикалык жактан эң алсыз болгон Тажикстандын учурдагы тышкы карызы 2 миллиард 182 миллион доллардан ашык болсо, анын жарымынан көбүрөөгү Кытайга тийиштүү. Ушундан улам, тажик өкмөтү жерлерди эле берип калбастан, балким, Кытай компаниялары үчүн да эшиктерди кеңири ачып коюуда.
Расмий маалыматтарга ылайык, ушул кезде Тажикстандагы алтын кендеринин жарымынан көбүрөөгү Кытай компанияларына иштетүүгө берилген. Кытай компаниялары бул кен иштетүүчү ишканалардын 60 пайыз акцияларына ээлик кылышат.