Россияда мусулмандарга басым күчөп жатат

262
0

Россия Крымды аннексиялап алгандан бери мусулмандарга каршы кысымдар улам артып баратат. Россия Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Крымда Хизб ут-Тахрир уюмуна мүчөлүктө күмөн кылып, бир нече жарандар үйүндө тинтүү жүргүздү. Тинтүү учурунда көптөгөн адамдар камакка алынды. Алардын айрымдары азат кылынса, калгандары камакта кармалып калды. Азыр Симферополь камагында 11 киши кармалып жатат.

Крым татарлары Миллий Мажлисинин раиси Рефат Чубаровдун айтымында, Крым мусулмандарына каршы уюштурулган мындай амалияттар Крым татарларын коркутуу үчүн гана ишке ашырылып жатат. Орустар тарабынан дайындалган Крым прокурору Наталья Поклонская Россия Кылмыш кодексинин 205.5 статьясынын 2-пунктуна ылайык үч киши үстүнөн кылмыш иши ачылганын билдирип, колго түшкөн кишилердин бири Хизб-ут-Тахрир уюмунун жергиликтүү башкаруучусу экендигин айтты.

Ушул эле учурда, Россия Федералдык коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлиги тарабынан Москвада уюштурулган амалиятта Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнүн бири камакка алынганы айтылууда. Россия Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Ирина Волк колго түшүрүлгөн адам Хизб ут-Тахрирдин активдүү катышуучусу экендигин билдирди. Россия Федералдык коопсуздук күчтөрү аялдар менен жаш балдарды да аябай жатат. 2016-жылы 24-апрелде, Татарстанда муслималар камакка алынып, алардын колдорунан перзенттери тартып алынган эле. Акыркы айларда Россия коопсуздук күчтөрү Татарстандын Альметьевск шаарында тогуз муслиманын үйүндө тинтүү өткөрүп, алардын үчөөсүн Хизб ут-Тахрирге мүчөлүктө айыптап камакка алды.

Россияда саясий туткундардын көпчүлүгү Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү. “Мемориал” адам укуктары борбору тарабынан чыгарылган билдирүүгө караганда, Башкиртстан абагында Хизб ут-Тахрирге мүчөлүктө айыпталып камакка алынган 23 мусулман камалып жатат.

“Бул туткундар диний ишенимдери үчүн камалышкан. Алардын аракеттеринде кылмышка тиешелүү эч нерсе жок. Бийликтегилер саясий себептер менен гана аларга зулум кылып жатышат” деп айтылат “Мемориал” тарабынан чыгарылган билдирүүдө.

Россияда мусулмандар Исламды жайгандыгы жана диний сабак бергендиги үчүн да терроризмде айыпталып жатышат.

Түркистон: 

Пайгамбарыбыз (сав) жана ал кишинин сахабалары Исламды куфр коомуна киргизип жатканда, ыйман-этикаттары үчүн гана жазаланышкан. Ясир жана Сумайя (р.а.), хазрати Билал (р.а.) – булар жана булардан башка мусулмандардын бирөөсу да күч иштетпеген жана куралдуу аракеттер алып барышпаган. Алар бир гана “Аллоху ахад”дегендиктери үчүн гана азапталышкан.

Бу Аллахтын Өз Пайгамбары (с.а.в.) аркылуу жиберген туура тарыйкаты. Бул туура тарыйкат негизинде аракеттенген сахабалардын (р.а.)жолу. Бу жол өзгөргүс тарыйкат болуп, аны менен жүрмөкчү болгон мусулман, ошол жолбашчыбыз менен аны ээрчиген мусулмандардын баштарына түшкөндөй кыйынчылыктарды көтөрүүгө даяр болуулары керек. Анткени, бул Аллахтын биз үчүн жиберген, жаннатка алып баруучу жолу. Бул жол Исламды аалий кылыш үчүн Пайгамбарыбыз (с.а.в.) басып өткөн сүннөт. Аллах Субханаху ва Таала сүйүктүү Пайгамбары (с.а.в.) жолунан да тикендерди алып койгон эмес. Биз да албетте ошо Пайгамбарыбыз (с.а.в.) башынан өткөргөн азарлуу жана шаттык күндөрдү башыбыздан өткөрөбүз, инша Аллах. Аллах буюрса, акыретибиз да ал зат (с.а.в.)менен ага ээрчиген асхабдарынын (р.а.)натыйжасы сыяктуу жакшы болот деп үмүттөнөбүз.

Мазлум жана мазлума боордошторубузга Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дын “сабыр кылгыла, силерге убада кылынган нерсе – жаннат” деген сөздөрүн жолдойбуз. Куфр кутурууда. Бирок, ырас, биз акыйкат жолдо болгон соң, демек, биз жеңүүчүбүз. Мына ушул күндө да, алардын зулумдары астында да, биз үстөмбүз, инша Аллах.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here