Кече жабык эшиктер артында Тажикстан Нахзати Исламия уюмунун мүчөлөрү үстүнөн сот өкүмү окулду. Анда ММК катышкан жок, а түгүл, айыпталуучу адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү да киргизилбеди. Өткөн жылкы шайлоолордо бул уюм дээрлик аз добуш алган, кийин уюм жетекчилери үстүнөн кылмыш иши козголгон. Нахзати Исламия мүчөлөрү мындан 7 ай мурун, Эмомали Рахмон режими тарабынан камакка алынып, убактылуу кармалуучу камераларга жайгаштырылган. Мына эми сот өкүмү жарыяланып олтурат.
Кармалгандар ичиндеги жалгыз аял Зарафо Рахмоновага катуу кысымдар жасалып, Нахзати Исламияга каршы көрсөтмө берүүгө мажбур кылынганы айтылууда. Сот өкүмү менен Зарафо Рахмонова 5 жылга эркинен ажыратылды. Калгандары 16 жылдан 30 жылга чейинки камак жазасына тартылса, Нахзати Исламия жооптууларынын бешөөсү өмүр бою камак жазасына кесилди.
Тажикстанда иш алып барып жаткан Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү да көп жылдар бою катуу куугунтуктоолорго дуушар болуп келди. Ошондо да Хизб жигиттери калкты кайра-кайра сергек болууга чакырып, “умеренный исламга” ыраазы болбоого жана Шариатты толук колдоно турган бир бүтүн Исламий Мамлекетти курууга даъват кылды. Буга жинденген өкмөт, Хизбге каршы кутургандай чабуулдарды жасады. Бу иште өкмөткө уламалар, баса белгилеп айта турган болсок, дал ушул Нахзати Исламия жетекчилери жакындан жардам беришти. Элге Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү адашканлар деп жар салышты, ал тургай макалалар жазышты. Социалдык тармактарда Хизб мүчөлөрүнө түрдүү акаарат таштарын жаадырышты. Негизи, Хизб ут-Тахрир куфр системасынын чыныгы жүзүн ачып, душмандар алардын динине кирмейинче силерге эч качан ыраазы болбойт деп, муну шаръий хужжаттар менен далилдеп берген эле. Ошондо хизбийлер, куфр системасы Хизбге эле эмес, балким бүтүндөй Исламга каршы күрөшкө аттанып жатканы тууралуу кабар беришкен болчу. Бирок өкүнүчтүүсү, көпчүлүк мусулмандар, айрыкча өз жетекчилерине көр-сокурларча ээрчип кете бере турган боордошторубуз Хизб жигиттерине душмандык менен карашты.
Аллах Таала айтат:
- Эй момундар, ( силерден болгон) бир коум ( башка) бир ( момун) коумдун үстүнөн шылдыңдап күлбөсүн – ыктымал (ошол шылдың кылынган коум)алардан жакшыдыр … [Хужурот :11]
Мына Хизб ут-Тахрир эскертип келген караңгы күндөр башка ислмий жамааттар башына да келип жетти. Бул жаатта Орто Азия жетекчилери ат салышууда.
Бирок, эмнеси болгон күндө да, бардык мусулмандар бир бүтүн дене болуп саналат. Нахзати Исламиянын башына түшкөн мусибат – бүткүл Үммөт башына түшкөн кайгы болуп эсептелет. Аллахтан мазлумдарга жеңилдик беришин сурап дуба кылайлы. Аллах Таала Өз нусраты менен бизди шаттандырсын, бир байрак астында биригүүнү насип этсин, мусулмандарды адил Халифалык мамлекети менен сыйласын, аамийн.